super.kg logo
  Саясат  

Текебаев: "Атамбаев мени каматканы үчүн эмес, камалганымдан кийин кадыр-баркым көтөрүлүп кеткени үчүн өкүнүп жатат"

 

Бүгүн, 22-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына карата куттуктоо үчүн партиялаштары жана саясатчылар аны менен жолугушууга Улуттук кардиология борборуна барышты.

Анда Текебаев экс-президенттин "Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен" деген сөзүнүн төркүнү башкада экенин айтты.

"Көпчүлүлүгү "Атамбаев Текебаевди каматып койгонуна өкүндү" деп ойлошту. Бирок мен башкача түшүндүм. Алмазбек Атамбаев "силер баарыңар Текебаев камалганга чейин ага болгон элдин мамилеси кандай эле, камалгандан кийин кандай болуп өзгөргөнүн билесиңер" деди. Менин оюмча, ал "рейтинги көтөрүлүп кетти" деп эле кейип жатат. Атамбаев: "Текебаевди Саляновадай, Чудиновдой же Ташиевдей кылып соттоп, бирок түрмөгө отургузбай эле чыгарып койсом, кадыр-баркы көтөрүлмөк эмес. Ошондо элдин колдоосуна ээ болбой калмак эле", - дегендей болду. Бирок тагдыр башкача чечет эмеспи? Кандай болсо ошондой болду. Ал айткан сөздөрүн табышмак түрүндө айтты. А мен табышмакты ушундай чечмеледим", - деди Текебаев.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде: "Мен күч органдарына мыйзам боюнча иштегиле деп айтчумун. Мыйзамды бузуп эле Текебаевди каматтырбай койсом болмок экен деген бир өкүнүч бар. Ким билет, мүмкүн күч орган кызматкерлеринин деле таарынычы бар беле, бирок мен, тескерисинче, “бул бир чети жаза да болот, экинчиден, Өмүрбек Чиркешовичти каарман кыласыңар” деп айткам. Дагы бир жолу, Кудай өзү кечирсин деп айтам. Мыйзамды бузуп, каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Бирок мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы чын", - деп айткан.






Текебаев Жээнбековдун “ырайым сураса, берейин” деген сөзүнө жооп кайтарды

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: