super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министринин жаңы орун басары тааныштырылды

 

Тышкы иштер министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министрдин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу расмий тааныштырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тааныштыруу аземинде президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип жаңы орун басардын тажрыйбасы, билими жана кесиптик даярдыгы министрликтин тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүнө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.

Ал эми тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сейтек Жумакадыр уулуна жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарарына ишеним артты.

Сейтек Жумакадыр уулу 1988-жылы 21-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин жана Экономика жана бизнес институтунун магистратурасын аяктаган.

Ал Тышкы иштер министрлигинде 2011-жылдан бери эмгектенип, стажёрдон тартып Консулдук департаментинин директоруна чейин кызмат өтөгөн. Бул кызматты 2024-жылдын октябрынан бери аркалап келген. Дипломатиялык рангы – атайын жана ыйгарым укуктуу элчи. Англис, кытай жана түрк тилдерин билет.

2026-жылдын 27-июлунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: