Аяз Баетов Кыргызстан акыркы 6 жылдан бери Кытайдан жаңы карыз алынбаганын билдирди
Юстиция министри Аяз Баетов жерлерди инвесторлорго 49 жылга ижарага берүү тартибин өзгөртүү маселеси каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу билдирүүнү министр Фейсбук баракчасынан бөлүштү.
Анын айтымында, учурда колдонулуп жаткан 49 жылдык ижара мөөнөтү тууралуу норма 1992-жылдан бери күчүндө. Бирок ушул убакыт аралыгында жерди узак мөөнөткө алып, эч кандай курулуш же инвестиция жасабай кармап жүргөндөр бар. Алардын арасында чет өлкөлүктөр да, Кыргызстандын жарандары да кездешет.
Миграция маселесине токтолгон Баетов Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанга кирип-чыккан чет өлкөлүктөрдүн арасында Кытай жарандары бешинчи орунда турарын айтты.
Ал ошондой эле тышкы карыз боюнча министр Алмазбек Атамбаевдин президенттик мезгилинде Кытай Эл Республикасынан 1 миллиард 796 миллион 853 миң 530 доллар насыя алынганын маалымдады. Ал эми 2020-жылдан бери Кытайдан бир да доллар жаңы карыз алынбаганын белгиледи. Тескерисинче, ушул убакыт ичинде 419 миллион 840 миң 537 доллар төлөнүп, учурда Кытай алдындагы мамлекеттик карыз 1 миллирад 377 миллион 12 миң 993 долларды түзөрүн айтты. Анын айтымында, бул карыздар төлөө графигине ылайык өз убагында төлөнүп жатат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















