Кыргыз милициясына даңк! "Көчөдө түкүрдү" делген адам боюнча милициянын версиясы
Буга чейин интернетке милиция кызматкерлери "көчөдө түкүрдү" делген кишини кармап алып, аны ары-бери сүйрөгөнү тартылган видео интернетке тарап, кызуу талкууга алынган. Бүгүн, 7-январда Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берди. Маалым болгондой, видеодогу жагдай Ош облусунун аймагында болгон.
"Милиция кызматкерлери ал адамды түкүргөндүгү үчүн эмес, өрт коопсуздугу жаралуучу жерде тамеки чегип жаткандыгы үчүн милиция пунктуна алып бараткан. Бирок достору түшүнбөстүктөн улам тоскоолдук кылышкан жана видеого тартып, туура эмес маалымат таркатышкан. Ал адам эскертүү документине кол койгон соң үйүнө коё берилген", - деп билдиришти облустук милициядан.
Талкуу болуп жаткан видеодо милиция жулкулдатып сүйрөп бараткан адамга жардам берүү максатында ортого анын аялы жана башка жарандар түшкөнүн көрүүгө болот. Алар кечирим сурашканын жана жаңы мыйзамдар тууралуу маалыматтары болгон эместигин айтып жатышат. Арасынан бири түшүндүрбөстөн туруп дароо эле милиция бөлүмүнө сүйрөп жөнөгөн милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазарын айтып жатканын угууга болот.
Эске салсак, 1-январда эреже бузуу жөнүндө кодекс ишке кирген. Анда коомдук жайларда түкүргөндөргө 5 500 сом айып пул салуу каралган.
кошулду
Бишкекте жигит Ак Үйгө түкүрдү


ГАИ менен Милицииялардын Ставкасын жогорулатып берди. Бул Окмот Башчы Кантип Иштешин билбейт экен Кетсин