Депутат: "Тышкы иштер министри туристке айланып калды, барбаган өлкөсү деле калган жок"
"Жаӊы тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков акыркы мезгилде туристке айланып, барбаган өлкөсү деле калган жок" деп бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди.
Депутат мындай саякаттарды токтотуу керектигин айтты. "Өткөндө андан чет өлкөлөрдө Кыргыз мамлекетинин атынан иштеген консулдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин тизмесин сураган элем, жарытылуу жооп алган жокмун. Менин мындай өтүнүчүмө 200-300 барактан турган жообун беришиптир, карасам мен үчүн мааниси деле жок жооп экен. Ушундай кыла берсе болобу? Эмне деген мамиле? Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү, бир аптанын ичинде Тышкы иштер министрлигинен биздин консулдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктөр жөнүндө так маалымат алып берүүӊүздү өтүнөм", - деди депутат.
“Тышкы иштер министри турист болуп калды” деген депутат ага эскертүү берди


