super.kg logo
  Саясат  

Момбеков: "Митинг өтүп жатса, өкмөттүн миграция маселеси боюнча маалыматы жок отурат"

 

"Митинг өтүп жатса, өкмөттүн миграция маселеси боюнча маалыматы жок отурат" деп бүгүн, 17-январда депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында өкмөт миграция маселеси боюнча маалымат берүүгө даяр эместигин айтты.

Момбеков Кыргыз мамлекетинде миграция маселеси 2 айдан бери эң актуалдуу болуп жатканын айтат.

"Миграция боюнча маселе кечээ Бакыт Төрөбаев көтөрүп чыкканда пайда болгон жок. Кыргыз мамлекетинде миграция маселеси 2 айдан бери эң актуалдуу болуп жатат. 60 миң кыргыздын кыздары кытайга турмушка чыгып, алар экиден төрөсө 120 миң, 280 миң болуп кетет деп митинг өтүп жатат. Өкмөт болсо даярданган жокпуз дешүүдө. 2 айдан бери даярданбай эмне кылып жүрөсүңөр? Даярданбасаңар митингге барып ошентип жооп бербейсиңерби. Кыргыз мамлекетин кытайлар каптап кетти деп Кыргыз-Кытай мамлекетинин ортосундагы кырдаалды курчуткан саясатчылар болуп жатат. Өкмөт жообу жок отурат. Силер президенттин саясатына каршы иштеп жатасыңарбы? Жаңы жылдан бери жагымсыз кырдаалдар каптап жатат. Баяндамаңар жок болсо, кантип суроо беребиз? Митингге чыккандар бул жакка келсе ким жооп берет? Силер чыкпайсыңар, биз, депутаттар чыгып, өкмөттүн жообу жок экен деп айтабыз. Миграция кызматынын башчысынын жоопкерчилигин караш керек", - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков аталган кызматтын жетекчисинин орун басарлары митингде жүргөнүн айтты.






Момбеков: “Митинг өтүп жатса, өкмөттүн миграция маселеси боюнча маалыматы жок отурат“

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: