super.kg logo
  Саясат  

Депутат Казакбаев: "Кеп Кытай жарандарынын мыйзамсыз жүргөнүндө эмес, өкмөттүн ишинин кемчилигинде болууда"

 

"Кеп Кытай жарандарынын мыйзамсыз жүргөнүндө, алардын көөп кеткенинде эмес, өкмөттүн ишинин кемчилигинде болууда" деп бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.

"Кеп миграция саясатынын кемчилдигинде. Бул тармакта коррупция бар экенин кантип жашырабыз? Миграция кызматынын орун басары "1 квота 2 миң сом турат" деп айтты. Буга ким ишенет? Мына азыр квотаны 30 миң сомго көбөйтүү маселесин көтөрүп жатышат, ал эми чет элден келген квота 2 миң сом деп жатышат. Жаңы кодекстер ишке кирип, түкүрүк үчүн 5500 сом айып пул деп элибиз толкуп жатат. Элдин талаптары бир эле Кытай жарандары тууралуу болуп жаткан жок, кеп Кыргыз жарандарынын иштебей калганында болууда. Миграция министри, "бул ишканада кыргыздар 50 пайыз иштеши керек" деп өзгөртүү киргизбейсиңерби?!" - деди Казакбаев.

Бүгүн Бишкекте Кытай жарандарынын Кыргыз өлкөсүндө көбөйүп кеткендигине байланыштуу митинг болду. Аталган маселе ушундан улам көтөрүлдү.






Казакбаев: “Кытайларга байланыштуу маселе миграция жаатында маселе көп экенин көрсөттү“

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: