super.kg logo

Бишкек ШИИББи "Ала-Тоо" аянтындагы митингде кармалган журналист боюнча ЖМК өкүлдөрүнөн кечирим сурады

 

Бүгүн, 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына "Ала-Тоо" аянтындагы митингде иштеп жаткан журналисттин кармалышы боюнча нааразычылык акциясына чыгышты.

Акциядан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев кабыл алды. Атантаев журналисттин кармалганы үчүн ЖМК өкүлдөрүнөн кечирим сурап, мындай көрүнүш экинчи кайталанбай турганын билдирди.

"Кечээки митингди чагылдырып жүргөн журналисттин кармалышы боюнча бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн кечирим сурап кетет элем. Журналистти автобуска салгандан кийин артынан башка адамдар да салынгандыктан ошол жерден коё берүү мүмкүн болбой калган. Ошондуктан журналист Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн бошотулду.

Милиция кызматкерлерине мындай окуялар экинчи кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Журналисттер да ушул сыяктуу окуяларды чагылдырууда элден өзгөчөлүнүп турган атайын кийимдерди кийип алышса жакшы болот эле", - деди Атантаев.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз өлкөсүндө мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы өткөн митингде "Некст ТВ" телеканалынын журналисти милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.


кошулду





SUPER.KG порталынын кызматкерлери милициянын журналисттерге жасаган мамилеси боюнча нааразычылык акциясына чыгышты

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.01.2019. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыпка жыксаңар болмок эмнеге элге айып салат өздөрүнө айып салынбайт мыйзам баарына бирдей болушу керекта милиция өзгөчө бекен тем более юридический лицо
18.01.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечирим сурап коюшса суйунуп келе бердинер анан
18.01.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналистер и окуяны чагылдырып жургон операторлор Пресса деген жазуусу бар жилеттерди кийип алыш керек да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: