super.kg logo
  Саясат  

Депутат Никитенко Жогорку Кеңештин жыйынына өкмөт башчы, башкы прокурор, Жогорку Соттун төрайымы келбей койгонуна нааразы болду

 

Бүгүн, 23-январда депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин жыйынына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева келбей койгонуна нааразы болду.

Никитенконун айтымында, кечээ эки комитет Жогорку Кеңештин жыйынына жетекчилер өздөрү келсин деген чечим чыгарган. "Бул эки комитеттин чечимин сыйлабагандык. Эмне үчүн премьер-министр, башкы прокурор, Жогорку Соттун төрайымы жыйынга келген жок?" - деп сурады депутат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча ал дайындалганын айтты. Ал эми өкмөт башчынын мурда түзүлгөн планы боюнча иштери бар экенин билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев башкы прокурор жер-жерлерде өтүп жаткан жыйындарга катышып жатканын белгиледи.






Өкмөт башчы парламент жыйынына дагы келген жок

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: