super.kg logo
  Саясат  

Депутат Исхак Масалиев: "Жаңы кодекстерди, мыйзамдарды ишке киргизүү боюнча өкмөт мындан артык даяр болбойт"

 

"Жаңы кодекстерди, мыйзамдарды ишке киргизүү боюнча өкмөт мындан артык даяр болбойт" деп бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Масалиев бул маселени кароону жылдыруунун кажети жок экенин айтты.

"Өкмөттүн жетишкени ушул, мындан артык даяр болбойт. Бүгүн бул маселени карап, чечим чыгаруу керек. Эртеңкиге жылдырсак ошол эле Жеңиш Разаков, ошол министрлер келип "билбейм" деп жооп беришет. Ошондуктан бул маселени жыйындын аягына чейин карап чыгалы деп сунуштайм", - деди Масалиев.

Айрым депутаттар аталган маселени саат 13:00гө чейин кароону сунушташты. Жыйынтыгында бул сунуш депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Учурда сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берүүдө.






Депутат: "Өкмөт жаңы кодекстер боюнча мындан артык даяр болбойт"

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: