Депутат Жамалдинов: "Президент айтты" деп 5 кодексти бир күндө кабыл алып берип жатабыз"
"Кодекстерди кабыл алып, андан кийин талкуулап жатканыбыз туура эмес", - деп бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.
Ал жаңы кодекстер, мыйзамдардагы кемчиликтер боюнча депутаттарда, өкмөттөрдө, эксперттик топто күнөө бар экенин айтты. "Президент айтты" деп 5 кодексти бир күндө кабыл алып берип, эми талкуулап жатабыз. Кабыл ала электе ушинтип эки күн талкуулаганда туура болмок. Азыркы учурда кемчиликтер бар экен дегенибиз уят. Күнөөнү бардыгыбыз бири-бирибизге оодарып жатабыз. Бул бизге сабак болушу шарт. Мындай мыйзамдар көп кабыл алынды. Бир учурда 3-окууда кабыл алабыз. Эмне болду десе президент айтты дейбиз", - дейт ал.
Мындан тышкары депутат сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында каралган каржат кайда кеткенин текшериш керектигин белгиледи.
Учурда сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берүүдө.
Депутат: "Президент айтты деп 1 күндө 5 кодексти өзүбүз кабыл алганбыз"

