Жогорку Кеңеште финансы министри менен транспорт жана жолдор министри ант беришти
Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов ант беришти.
Жээнбаева менен Бейшенов Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттерин берилип аткарууга, кыргыз элине кызмат кылууга ант беришти. Антты бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчилик тартууга даяр экендерин айтышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков бийликтин үч бутагы биргеликте иштесе, экономикалык жактан алдыга жылуулар болорун белгиледи.
Жогорку Кеңеште финансы жана транспорт министрлери ант беришти
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

