Депутат Жолдошбаев: "Карышкырды тик учак эмес, танктан деле атсаӊ болот"
"Карышкырларды атуу үчүн тик учак берүүнү сунуштагам. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жооп жазыптыр, окусаӊ тим эле мышык ыйлачудай" деп бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.
Анын айтымында, Рустамов карышкырларды тик учактан атууга каршы экен. "Карышкырды тик учак эмес, танктан деле атсаӊ болот да. Ушуну түшүнбөйбү? Рустамов тоодогу кийиктердин баарын эбак эле жеп койгон, ошондон улам карышкырлар малга кол салууда. Агенттик кийик атканы үчүн аӊчылардан миллиондогон акча алат, ал каражат кайда жумшалып жатат? Ал эми аӊчыларга бир карышкыр атканы үчүн 6 миӊ сом бөлүнсө, колуна 4800 сом алат экен. Элет тургундары кайрылып жатат, "атуу акысын жок дегенде 2 миӊ сомго көтөрүп берсе, карышкырларды өзүбүз эле атат элек" деп", - деди депутат.
24-январда парламент жыйынында Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башы районуна карышкырларды атуу үчүн тик учак берүүнү сунуштаган.
Депутат: "Карышкырды керек болсо танк менен деле атыш керек"



























1 |