super.kg logo

Сокулук районунда жумуш орундары 5,8 эсеге көбөйдү

 

Бүгүн 6-ноябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районун 2021-2026-жылдардагы өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук районунда акыркы беш жыл ичинде 41 ири ишкана, чакан жана орто бизнестин 189 субъекти ачылып жумуш орундарынын саны 5,8 эсеге көбөйдү. Энергетика тармагында кубаттуулугу 21,4 МВт болгон төрт чакан гидроэлектр станциясы пайдаланууга берилди. Азыркы учурда 167 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлүп, 27 чакырым тротуар курулду. Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана санитария тутумдарын өнүктүрүү максатында 26 айылда “Тунук Суу” долбоору ишке ашырылууда.

Ошондой эле райондо 8 мектеп, 12 бала бакча, 21 спорттук объект, 16 медициналык имарат, 6 парк жана 3 социалдык шаарча курулганы айтылды. Мындан тышкары, президенттин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен эки мектептин жана эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, дагы үч бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Ошону менен бирге 300 орундуу дагы бир медициналык мекеменин курулуш иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: