Алмаз Жунусов жаа атуу боюнча дүйнө чемпиону аталды (видео)
Кыргызстандык спортчу Алмаз Жунусов салттуу жаа атуу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 90 метр аралыкта жеке эсеп боюнча атаандаштарын артта калтырып, чемпиондук наамга ээ болду. Бул тууралуу 5-ноябрда Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугу Түштүк Кореянын Ульсан шаарында өттү. Мелдешке Кыргызстандын салбуурун боюнча улуттук курама командасынан 21 спортчу катышты.
Алмаз Жунусов жаа атуу боюнча дүйнө чемпиону аталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















