super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Акыркы мезгилдеги президенттерди Усубалиев, Масалиев менен салыштырбай эле койгулачы"

 

Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды.

Анын жүрүшүндө депутат Ирина Карамушкина убагында Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиевге мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилгенин айтты.

"2003-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев автоунаа, турак-жай, медициналык тейлөө менен камсыз болушкан. Ошондой эле айлык акысынын 75 пайызы өмүрүнүн аягын чейин бериле турган болгон", - деди Карамушкина.

Депутат Исхак Масалиев "Алардын бири да кол тийбестикти пайдаланышкан эмес. Кол тийбестиктин аларга кереги деле жок болгон. Алар таза иштесе кереги болмок беле?

Акыркы мезгилдеги президенттерди Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиевдерге салыштырбай эле койгулачы. Аларга жакындап дагы койбойт. " деди.

Ал эми депутат Талант Мамытов "Президенттин кол тийбестиги тууралуу талкуулап жатышканда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында 16га жакын депутат камалганда эмне кол тийбестик тууралуу айтып чыккан эмессиңер? деген суроо жаралат экен. Башка мыйзамдардан өтүп коррупция менен күрөш дешип аларды камап салышкан. Бардык факты боюнча баа берели. Эмне ошондо ушул суроону көтөрүп чыккан эмеспиз. Акыйкат болуп ошолорду карап чыгалы. Саясатчылар азыр камакта отурат", - деди.






Депутат: "Акыркы мезгилдеги президенттерди Усубалиев, Масалиевге салыштырбай эле койгулачы"

Автор: Айпери Ганыжан кызы

"Депутаттар камалып жатканда кол тийбестик тууралуу эмнеге айткан эмессиңер?" дейт Мамытов

Автор: Айпери Ганыжан кызы
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: