УКМКнын өкүлү: "Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге убагында кылмыш ишин козгоп берсе ал эч жакка качмак эмес"
Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков "Аскарбек Шадиевди качырып жиберген тергөөчүнүн кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы барбы?" деп сурады.
УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов: "УКМК 28-мартта ал киши боюнча материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Ал учурда башкы прокурордун кызматын башка киши ээлеп турган. Мыйзам боюнча, депутаттын үстүнөн ишти башкы прокурор козгойт. Ошол кезде кылмыш иши жок болчу. Башкы прокурор кеткенден кийин 28-апрелде иш козголгон. Ага чейин Шадиев чет мамлекетке чыгып кеткен. Кылмыш иши козголо электе чара көрсөк мыйзамсыз болмок", - деди.
Момбеков 30-апрелде Шадиев эч жакка качпаганын айткандарын эске салды.
Кадыркулов: "Аскарбек Шадиев 27-апрелде жакын тууганы каза болуп Лейлекке кеткен. Туугандары Шадиев дарыланып жатканын айтты. Көрсө, ал Тажикстандан дипломаттык паспорту менен учуп кетен", - дейт.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаилов Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге убагында кылмыш ишин козгоп берсе ал эч жакка качмак эмес деген пикирин айтты. "Ошол ишти азыр алып барып жатабыз. Анча-мынча объектилерди кайтарып жатабыз. Бизде дагы бир иш бар, ошол ишке байлап туруп мүлкүн мамлекетке өткөрөбүз", - деди Исмаилов.
28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы "Домодедово" аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткени 1-июнда аныкталган. 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Депутат: "Аскарбек Шадиевди качырып жиберген тергөөчүлөр эмне болду?"

