super.kg logo

Беш баласын жалгыз баккан энеге жер тилкеси берилип, ишкер үй салып берүүгө киришти

 

Таштанды терип 5 баласын жалгыз баккан Нургүл Бекиевага "Алыш" федерациясынын вице-президенти, жеке ишкер Советбек Рустамбек уулу жер маселеси чечилсе үй салып бере турганын убадалаган болчу.

"Көмөктөш Бол" коомдук кайрымдуулук уюму Сокулук районунун Токбай айылынан 5 сотых жер тилкесин берип, аталган уюмдун төрагасы Юсуп Сайпиев 3-мартта Нургүл Бекиеваны Токбай айылына алып барып жердин кызыл китебин колуна тапшырды.

Уюмдун төрагасы: "Биздин уюмдун жардамга муктаж адамдарга беребиз деген 15 сотых жери бар болчу. Нургүл Бекиеванын тагдырын көрүп өз салымыбызды кошолу деп ошол жерден 5 сотых жер бөлүп берип отурабыз", - деп сөз сүйлөдү.

Мындан улам Советбек Рустамбек уулу берген убадасына туруп үй салууга киришти. Анын айтымында, үйдүн курулушу ушул жума ичинде башталып, 1-июнга чейин бүткөрүлөт.

"Жараткан Нургүл Бекиевага жардам берүүнү мага буюруп койгонуна сүйүнүп жатам. Карындашыбыздын тагдырын алгач видеодон көргөндө балдары чоңойгонго чейин жардам берип турайын деген ой болгон. Бирок үйүнө барып абалын көргөн соң үй салып берейин деп максат койдум.

Мына, "Көмөктөш Бол" коомдук уюму 5 сотых жер бөлүп берип, үйдү салууга киришип жатабыз. Буюрса, үйдү үч айдын ичинде бүтүрүп, 1-июнь - Балдар күнүндө Нургүл Бекиеваны балдары менен жаңы үйгө киргизебиз", - деди Рустамбек уулу.

Учурда Нургүл Бекиевага жардам берүү уланууда. Өзүнүн айтымында, айрымдары турмуш-тиричилигине керектүү буюмдардан тартып азык-түлүгүнө чейин алып келип берип жатса, көпчүлүгү акчалай жардам көрсөтүүдө.

"Менин тагдырымды чалгылдырган SUPER.TV'га, жер тилкесин берип, үй салып берип жаткан агаларыма жана жалпы элге терең ыраазычылык билдирем. Учурда 165 миң сомдон ашык акча чогулду. Анын 50 миң сомго жакынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибиз берген болсо, калганы Кыргыз жериндеги агаларыбыз, эжелерибиз тарабынан чогултулду. Эми таштанды терип иштебейм, балдарымды жакшы карайм", - деп ыраазычылыгын айтты ал.






Чиедей беш баласын жалгыз баккан энеге жер берилип, ишкер үй салууга киришти

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган SUPER TV’нын каармандарына жер үлүштөрү убадаланды

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
SUPER.KG видео
02.03.2019. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rahmat sizderge super tv
SUPER.KG видео
02.03.2019. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бүгүн маанайым жок ыйлагым келип жаткан. Бул эжени көрүп чынында сүйүндүм.Кубанганын коруп кайра-кайра кайталап кордум.Рахмат жалпы мээримдүү адамдарга
Nazik.n түзөттү 2019-03-02 04:04:47
SUPER.KG видео
02.03.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ким жардам берсе алла раазы болсун ушундай бее куноо наристелердин жыргалчылк жашоого себеп болгон Супер Тв каналы ишинерге ийгилик силер алып чыкпасанар биз билбейт болчук.жекке ишкерлер силер чыныгы потрёот сунар биз сыймыктанабыз
SUPER.KG видео
03.03.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызым онугуп атабыз, озубуздон ашырып жардам берип атабыз. Суйунуп атам
SUPER.KG видео
04.03.2019. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иштер болуп жатыптыр, бирок которгон телефону меникинен да крутой экен
04.03.2019. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алла ыраазы болсун
04.03.2019. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жакшы
05.03.2019. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла раазы болсун
05.03.2019. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токбай каякта?
SUPER.KG видео
05.03.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун чын журоктон кубанычтамын коруп конулум которулуп калды шакылдаган тын эже экен балдарын бутуна тургузуп кетет буйруса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: