Депутат: "Чөөнүн малга кол салуусу көбөйдү. Эки буттуу чөөлөр менен күрөшөбүз деп, төрт буттуу чөөлөрдү унутуп калдык"
Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер саатында депутат Алтынбек Сулайманов чөөнүн малга кол салуусу көбөйүп жатканын айтты.
Сулайманов 2019-жылы чөөлөр 25 пайызга көбөйгөнүн билдирди.
"Акыркы учурда чөөлөрдүн малга кол салганы көбөйдү. Алар адамга дагы кол салууда деп угуп жатабыз. 2019-жылы чөөлөр 25 пайызга көбөйүптүр. Бүгүнкү күндө коркунучтуу абалда турат. Талаадагы кыргоол, өрдөк дегендерди кырып бүттү. Мамлекет тарабынан чөөлөрдү атууга 2 миң сом бөлүнөт экен. Ал эми карышкырга 6 миң сом. Чөөнү атуу кыйын. Анткени ал абдан куу келет. Ошондуктан аны атуунун баасын карышкырдыкы менен тең кылып, буга карата өкмөт тез чечим кабыл алышы керек. Бул жаныбарларды аткандар акчасын ала албайт экен, тигил жакка, бул жакка бар дешип. Ошол себептен бүгүнкү күндө аңчылардын кызыгуусу жоголууда. Айылдарда эмес, мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында улуп жатыптыр, өкмөт башчы ошол жактан угуп жаткандыр. Эки буттуу чөөлөр менен күрөшөбүз деп, төрт буттуу чөөлөрдү унутуп калдык окшойт. Өткөн жылы чөөнүн малга кол салуусунан эл 50 миллион сомго чейин чыгым болуптур. Ал эми мамлекет чөө менен карышкырды атууга аңчыларга 6 миллион сом эле бөлгөн. Ойлонуп туруп иш кылуу керек", - деди.
Депутат: "Чөөлөр резиденциянын ичинде улуп жатышат"





1 |