super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев: "Депутаттардын бир тобу чимкириктей болуп калды. Асылбек Жээнбеков "чимкиргиле" десе чимкиришет, "тарткыла" десе тартып алышат"

 

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы "Медиа-Форум" имаратынын алдында Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тууралуу сындарды айтты.

"Мен былтыр 31-мартта съездде, маалымат жыйында "Соке, эгерде коррупция менен күрөшөм десең "Раим миллиондой" досуң болбош керек, эгерде Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырбаса, анда үй-бүлөлүк режим орнойт" деп айткам. Парламенттеги депутаттын баары Асылбек Жээнбековдун көзүн карап калат дегем. Бүгүн бир жыл мурун айткандай болду. Депутат Рыскелди Момбеков "түкүрүк өкмөт" деп айтып жатпайбы. Парламентти карасаң бир тобу чимкириктей. Асылбек Жээнбеков "чимкиргиле" десе чимкиришет, "тарткыла" десе тартып алышат. Соке, аягында сөз сага тиет деп айткам", - дейт Атамбаев.






Атамбаев парламентти “чимкирик” деп атады

Автор: Жылдыз Джускембаева
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: