Кылычбек Султан: "Элчиликте мени менен чогуу иштеген адамдарга да кысымдар болуптур"
Бүгүн, 19-март күнү "24.kg" маалымат борборунда "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйын өттү. Ага "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова, мурдагы элчи Кылычбек Султан, юрист Таалайгүл Токтакунова жана башкалар катышты.
Жыйында мурдагы элчи Кылычбек Султан "Супер-Инфо" гезитине жасалып жаткан иш бийликтин мыйзамсыз кадамы болуп саналарын айтты.
"Мен 2018-жылдын сентябрь айында бийликке караштуу көп фактыларды ачыкка чыгаргам. Ошол учурда өзүмө карата 2 божомол келтиргем. Биринчиси, куугунтук. Экинчиси, алкышка татыйм деген элем. Менде укуктук, коррупция менен күрөшүүгө бара жатабыз деген ишеним болгон. Бирок андай болгон жок. Тескерисинче мыйзам бузууларды айтып чыкканым үчүн мурда мага байланышы бар "Супер-Инфо" гезитине мамлекет тараптан кысымдар башталды. Азыр аталган гезиттин юридикалык жактан мага эч кандай байланышы жок.
Сооронбай Жээнбековдун айткан сөзү менен жасаган иши дал келбейт экенин байкадым. Президент коррупцияны айткыла дегенин баарыңыздар уккансыңар. Коррупцияны фактылар менен айткыла деди. Мен ага факты менен келтирдим. Ал кагаздар бир нече ЖМКларга чыкты, бирок реакция минус. Ушул жылдын февраль айында мени менен элчиликте чогуу иштеген адамдарга чоң кысым болуптур. Аларды мага каршы көрсөтмө бердирүү үчүн урганга чейин барышыптыр. Ал жактан мага карата туура эмес иштерди таба алышкан жок. Эч нерсе таба алышпагандыктан "Супер-Инфо" аркылуу мени кысымга алууга өтүштү. Жээнбековдун элчилер менен жолугушканда дагы иши менен сөзү дал келбегенине күбө болдук. Ал жерде "парашютисттер” деп мен жөнүндө сөз болду. Бирок Жээнбеков "атын айтпай эле коёюн" деди. Бир туруп элчи саясий кызмат деп жатат.
“Парашютисттер” деп айтып жатат бирок алдында отургандардын арасында өзүнүн агасы бар. Ал эмне дипломатиялык кызматта иштеп кеткен адам беле? Эң акыркы жумушу Аскар Акаевдин убагында Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп, кийин ызы-чуу чыгып ал жерден айдалып кеткен. Үй-бүлөлүк башкаруу деп атканы, бул үй-бүлө эч чөкпөйт экен. Майлуу-сүттүү кызматтарда отуруп келген, отура баштады", - деди Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан: “Супер-Инфого” болгон басымды токтотпосо эртең кеч болуп калат”

