super.kg logo

Аялдар абагындагы сулуулар сынагында 2 жолу соттолгон аял "Жаз сулуусу-2019" аталды

 
1-орунду алган катышуучу
2-орундун ээси
3-орунду алган Милана Ж.
4-орунда Анна А.

Бүгүн, 20-мартта Аламүдүн районуна караштуу Степное айылындагы №2 аялдар абагында "Жаз сулуусу-2019" аталышындагы сулуулар сынагы болуп өттү. Сынакка эркиндигинен ажыратылып абакта отурган аялдар катышып, "адам өлтүрүү" жана "ден соолукка атайылап залал келтирүү" беренеси менен 2 жолу соттолгон Кундуз К. жеңүүчү аталды.

Сынак Нооруз майрамына карата уюштурулган.

Ал эми экинчи орунда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси "адам өлтүрүү" менен соттолгон Марина М. алса, үчүнчү орунду дагы ушундай эле берене менен соттолгон Милана Ж. алды. Кийинки орун мыкты таланты үчүн Анна А.га берилди.

Сынак төрт тапшырманы аткаруу менен өттү. Анда биринчи болуп катышуучулар "саламдашуу" тапшырмасы менен сахнага чыкты. Экинчи тапшырма "жеке номер аткаруу", ал эми үчүнчү "өз талантын көрсөтүү" жана акыркы тапшырма "кече көйнөгүн көргөзүү" болду.

Абактагы айымдар бул сынакка кызуу даярданышканын алардын кийген кийимдеринен эле байкаса болот. Ошондой эле кыргыздын салт-санаасын, кийимдерин көргөзүп, улуттук баалуулуктарды сактоо жана мекен алар үчүн өтө бийик экенин көрсөткүлөрү келгенин айтышты.

1-орунду алган Кундуз К. 31 жашта. Ал сынакка 20 күн даярданган. Жеңүүчү сахнага кийип чыккан кийимдерин өзү тиккен. Ошондой эле бул сынакта шоу-бизнес өкүлдөрү ырдап, залда отурган көрөрмандарга шаң тартуулашты.






Эки жолу соттолгон 31 жаштагы келин абак сулуусу аталды

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(9)
20.03.2019. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Камактагыларга эми сармерден уюштуруп бербесе эле болду
20.03.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Адам олтуруу, атайын ден соолука залал келтиргендерге майрам уюштуруп бергендерге рахмат . Созум жок чынында, женил жазадагыларга уюштурса болмок.Статиясын угуп эле, коргун келбейт экен Сулууларды!(бирок жанылбас жаак , мудурулбос туяк болбойт эххх ) !
20.03.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aminali,ал жакта баары эле чогу отурушат
21.03.2019. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Женуучуну эми боштондукка чыгаргыла мумкун Мисс Кыргызстана болор
21.03.2019. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалан адам олтургондор женуучу болушуптур го
21.03.2019. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Булар не атайын адам өлтүрдү дейсиңерби?баягы эле ХХХХ эркектер деп да кордук көрүп жүрүп өзүн өзү коргоном деп өлтүрүп алышкандарда.Кайын журт келинге күн бербей кайын ага кайын инилери намысына тийишкенден качам деп өлтүрүп алгандар дагы болот бир тараптуу каралабагыла.карасаң эле ким жаман баягы эле аялзаты жаман күнөкөр,эр сөрөй кайын журт аталган дозоктор сүттөн ак
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-21 11:44:54
21.03.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мисс ХХХХХ деп койсонор болчудай
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-21 11:32:33
SUPER.KG видео
21.03.2019. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым кутулбогон кырсыктардан сактай кор!Мандайга эмне деп жазса ошону корушту.Сабырдуулук силерге айымдар!
SUPER.KG видео
24.03.2019. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: