super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги: Үчүнчү жыл катары менен Талас облусунун "Ынтымак" командасы жеңишке жетти (хронология)

 

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку Лигасынын финалдык беттеши орун алууда. Анда 1-2-орундар үчүн Таластын "Ынтымак" жана Ош облусунун "Достук" командалары беттешүүдө. Буга чейин Биринчи Лиганын алкагында беттешкен "Келечек" жана "Алкан Ата" командалары беттешишкен.

Үч бөлүктөн турган оюнда Таластын командасы мыкты аталып, жалпы 4:1 эсебинде жеңишке жетишип, Биринчи Лиганын чемпиону аталган. Ал эми "Келечек" командасы 2-орунду алып, күмүш медалга ээ болгон.

13:51. Саналуу мүнөттөрдөн кийин "Ынтымак" (Талас) - "Достук" (Ош) курама командаларынын кыл чайнашкан беттеши башталат.

13:54. Ат майданына суу чачылып командалар оюнга даярдык көрүшүүдө. Алып баруучулук тизгинди Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асылбек Өзүбеков аркалоодо.

13:56. Көрүүчүлөрдүн саны көп болгондуктан айрымдар ат майданына батпай калышты. Алар өз командаларын алдыга сүрөп, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жаткан учуру.

14:00. Улак ташталып оюн башталды. Дароо эле эки команданын оюнчулары өздөрүнун чеберчиликтерин көрсөтө баштады.

14:05. "Достук" командасынын оюнчусу улакты такымга басып тай казанды көздөй чаптырып, бирок чабуул атаандаштары тарабынан үзгүлтүккө учурады.

14:07. Улак жерде. "Ынтымак" командасы улакты эңип, өз аракетин көрүүдө. Тай казандын жанында болгон аракет оңунан чыгып, эсеп саны ачылды.

14:10. "Ынтымак" командасы чабуулдарын улантып атаандашынын шаштысын кетирип жаткан учуру.

14:14. Кайрадан улак тай казанда. "Ынтымак" командасы алдыда. Эсеп 2:0.

14:16. Командалар ортосунда келишпестик орун алып, буга карабастан "Ынтымак" командасы алдыга озунуп эсепти 3:0 кылды.

14:18. Улак жерде. Күйөрмандардын Талас деп командасын алдыга сүрөп жаткандыгы угулууда.

14:20. "Ынтымак" командасы дагы бир улак салып, бирок оюнчу тай казанга урунуп, оюн талаасында жатканын көрүүгө болот. Эсеп 4:0. Оюнчунун абалы жакшы, кайрадан катарга кошулду.

14:21. Биринчи бөлүк соңуна чыкты.

14:26. Бир канча көз ирмемдерден кийин 2-бөлүк старт алмакчы.

14:27. Коңгуроо жаңырып экинчи бөлүк башталды.

14:28. Оюнчулар гана эмес, күлүктөр да атаандаштык кылып жатканы байкалууда.

14:31. Жекеме-жеке чыгуу. "Ынтымактын" оюнчусу такымга улакты катуу кысканына карабастан "Достук" командасынын оюнчусу тырмышып, улакты тартып алуу аракетин көрүүдө.

14:35. Көрүүчүлөр тоскоолдук жаратууда, буга байланыштуу алып баруучу аларды тартипке чакырды.

14:38. Улак жерде. Тиреш уланууда.

14:40. Жекеме-жеке чыгуу. Улак чийинден чыга элек.

14:42. "Достук " командасынын оюнчусу улакты топ алдагандай алдап, тай казанга бет алды. Аракети оңунан чыкпай улак жерде.

14:43. Көрүүчүлөр "Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязовдун оюн көрсөтүүсүн талап кылып кыйкырып жаткандыгы угулууда. Бул оюнда Ниязов өзүн азырынча көрсөтө элек.

14:45. Бүйүр кызыткан оюнда улакчылар өздөрүн мыкты көргөзүүдө. 2-бөлүмдүн акыркы мүнөттөрү орун алууда. Эсеп саны өзгөргөн жок.

14:47. 2-бөлүк соңуна чыкты. "Достук" командасына эсеп санын өзгөртүүгө 20 мүнөт гана убакыт бар. Оюн кандай жыйынтыкталат азырынча белгисиз.

14:52. Эскерте кетсек, өткөн 2018-жылкы Өлкө биринчилигинде "Ынтымак" командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Ушул эле Талас облусунан чыккан команда 2017-жылы "Достук" командасын 8:7 эсебинде жеңип алган.

14:56. Мурунку финалдарда "Ынтымак" командасын жеңишке жетелеген аргымактар Ахиллес менен Геркулес экени баарыбызга эле маалым болсо керек. Бүгүн да алар мыкты оюн көрсөтүүдө.

14:57. 3-бөлүк башталды. "Ынтымак" командасы чабуулду дароо баштады.

15:00. Жекеме-жеке чыгуу. Кайрадан "Ынтымак" командасы атаандашына үстөмдүк кылып, улакты такымга кысуу аракетин көрүүдө.

15:03. Улак "Достукта", бирок оюнчу чийинден чыгып кетти.

15:05. Эсеп 5:0. "Ынтымактын" оюнчулары кош колдоп салган улагы бешинчи болду.

15:06. Кайрадан 1 улак салынып "Ынтымак" командасы мыктылыгын көрсөтүүдө. Эсеп 6:0.

15:08. Жеңиш даамын татып калган "Ынтымак" командасы үстөмдүк кылууда. Манас Ниязов 1 улак салып эсеп санын 6:1.

15:11. "Достук" командасына жан кирип курч оюн болууда. Кыяз Ниязов аракет кылганы менен, тай казандын жанынан улакты алдырып жиберди.

15:15. Оюндун акыркы мүнөттөрү.

15:16. Жеңиш ким тарапта болору белгилүү болуп калды окшойт. Буга карабастан кыл чайнашкан беттеш уланууда.

15:17. Ошентип оюн аягына келди. "Ынтымак" командасы үчүнчү жыл катары менен Өлкө биринчилигин жеңип алды. Эсеп саны 6:1. Куттуктайбыз!

15:19. Сыйлык тапшыруу аземине командалар чакырылды. Бирок финалда ойногон 2 команданын ортосунда пикир-келишпестик чыгууда.

15:37. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып, Жогорку Кеңештин спикери баш болгон атка минерлер сөз алып сүйлөштү.


кошулду





"Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча өлкө чемпиону аталды

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
21.03.2019. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымак алга! Сонун оюн болуп жатат,таластыктар барбызбы
21.03.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Guliza-Baktybekova,барбыз,барбыз! Таластыктар азамат,мыкты экенин дагы бир жолу далилдешти!
22.03.2019. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ksb,жок өпкөсүн кагып алыптырго. Намыс менен эмнени талашпаш керек эле таластыктардан?
25.03.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabirdinovich,ичиң күйсө туз жала)))ооба,өпкөсүн кагабы башкасынбы мыкты болгон үчүн 3 жылдан бери жеңишти бербей келишет,намысы жоктор сендей болуп жакшы сөз жазганга жарабайт
21.03.2019. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Достук мен учун чемпион! Ынтымактын аттары кучтуу экен, соз жок!
21.03.2019. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымак чемпион!!!
21.03.2019. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен акырын эле көрүп калдым. Достук мынчалык начар ойноочу эмес эле. Бирок чынында да эле Ахилес менен Геркулес көп сактап калат Ынтымак командасын
22.03.2019. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оштун элинин атынан Таластык туугандарымды куттуктайм!Мактоого татыктуусунар,бирок былтыркыдай ашыкча мактанып ийбегиле!Башкалар мактасын!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: