"Небере жытын жыттаар убагымда темир тор артына келип калганыма өкүнөм" дейт абактагы 50 жаштагы аял
Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Степное айылындагы №2 аялдар абагында 50 жаштагы соттолуучу София бул жолу абакка күйөөсүнө бычак сайып түшкөн. Ал буга чейин да "адам өлтүрүү", "уурулук", "адам сатуу" жана "тоноо" беренелери менен соттолуп, камалып чыккан.
"Бул абакка келгениме аз эле болду. Бирок мурда бир нече жолу отуруп чыккам. Эми небере жытын жыттаар убакта кайра түрмөгө келип калганыма өкүнөм. Бул жакка душманымдын да келишин каалабайт элем. Ушул ирет жолдошума бычак сайып, ошонун айынан келдим. Бирок ал каза болгон эмес, мени факты боюнча эле 5 жылга соттоп жиберишти. Күйөөм мага карата арыз да жазган эмес, ал менин эркиндикке чыгышымды күтүп жатат. Кырсык деген каш кабактын ортосунда экен.
Өзүмдүн 2 кызым бар. Улуусу Орусияда, экинчи кызым 10 жашта, биринчи топтогу майып, аны эжем карап калды. Бул жакка мага эч ким деле келбейт. Анткени кылмыш кыла берип туугандарым менден кол үзүшкөн да. Эми эркиндикке чыксам мал менен иштейм же гүл өстүрүп, сатып тиричилик кылам", - дейт София.
Буга чейин, 2 жаш 8 айлык кызы менен аталган жайда жазасын өтөп жаткан келин абактагы жашоосу тууралуу айтып берген.
Эки жолу соттолгон 31 жаштагы келин абак сулуусу аталды







1 |