super.kg logo

"Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайындагы кезек күткөн айдоочулардын ызасы, төрт катар тизилген унаалар (асмандан тартылган сүрөттөр)

 

Казакстандын аймагына кире албай "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында кезек күтүп турган унаалардын саны учурда 200дөн ашып, айдоочулардын нааразычылыгы күч алууда. Бүгүн, 1-апрелде SUPER.KG порталы жерине барып айдоочулардын үнүн угуп келди.

Казак бийлиги тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүп, керектүү учурларда унаалар текшерилип жатканын, ошондой эле жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканын билдирүүдө.

Бирок буга айдоочулар макул эмес. Алардын айтымында, казак чек арачылары жүктү түшүрүп алып дыкат текшерүүдө. Эгерде бир гана баш кийим же бут кийим ашыкча болуп калса, жүк толугу менен артка кайтарылып жатат.

Өзүн Жоодарбек Асанакунов деп тааныштырган айдоочу дагы узун кезекте турат. Ал башка айдоочулар чек арага жетип барганы менен кайра эле артка кайтарылып жатканын белгиледи.

"Менин бул жерде турганыма 4 күн болду. Ошентсе да чек арага жете элекмин. Бирок мага окшоп кийим жүктөгөн башка айдоочулар чек арага жеткенде деле артка кайтарылып жатат. Себеби кийимдерди дыкат текшерип, жүк менен анын документтери бири-бирине дал келбей калып жатыптыр. Бир баш кийим же бир бут кийим ашыкча болуп калса да артка кетип жатышат. Чынында бизге фирмалар жүктөп берип, сыртынан пломбаны басып коюшат. Андан көрө мамлекет ошол фирмаларды текшерип канча пайызы туура кетип жатканын билип берсе, бизге дагы өтүп кетүүгө жеңил болмок. Мына бул жерде тургандардын көпчүлүгү ошол кийим жүктөгөндөр. Ал эми жашылча-жемиш жана башка жүктөрү барлар бат эле өтүп кетип жатышат", - деди Асанакунов.

Айрым айдоочулар 4-5 күндөн бери турганы менен эмне себептен мындай жагдай орун алып жатканы боюнча кабарлары жок экенин айтышууда. Өз атын атагысы келбеген айдоочу өкмөт өкүлдөрү келип элге маалымат берип, маселени тезинен чечпесе болбой турганын кошумчалады. "4 күндөн бери азыркы абал эмнеден улам жаралып жатканы суроо бойдон калууда. Бийликтегилер келип чечип кетсе жакшы болот эле. Биз эмнени чечмек элек? Чек арага кирип барсаң, бери кубалап чыгышат. Кайра келесиң, кайра айланып барасың", - деди ал.

Камчы Рыспай уулу аттуу айдоочу кезекти өткөрүп жибербөө үчүн күнү-түнү унаада жатып, тамак-ашты үйдөн алдыртып жеп жатышканын айтты. "Мен дагы 4 күндөн бери ушул жерде туруп, тамак-ашты үйдөн алдырып келип ичип жатам. Унаада отурбасак кезекти башка бирөөсүнө алдырып жибересиң. Менин деле чек арага бара элек болгонумдан эмнеге өткөрбөй жатканынан кабарым жок. Буга чейин документтерибиздин баары туура болуп, жакшынакай эле өтүп кетип жүргөнбүз да", - деди Рыспай уулу.

Айдоочулардын баары эле Казакстан ар бир унаадагы жүктү бирден сыртка чыгарып текшерүүсүнө каршы пикирде. Айтымдарында, жүк унаага таңгакталып жүктөлгөнүн, аны кайра жүктөө чоң түйшүктү жаратат жана акчалай чыгымга дуушар болушат.

"Мен алып бара жаткан жүк башка бирөөнүкү жана аны Орусияга жеткирип берүүгө милдеттүүмүн. Казакстан чет элдик фирмалардын, башкача айтканда, "Адидас" же дагы башка Кытай менен Түркиянын товарларын артка кайтарып жатыптыр. Менде андай жүк жок дегениме карабай, чек арачылар пломбаны ачып салса жүктү толугу менен төлөп берүү менин моюнума жүктөлөт. Андан сырткары таңгакты ачып-чачып салса, аны кайра таңгактап, жүктөп чыгышым керек. Болгону 20 тоннадай жүк болгону менен 20 бала жүктөгөн да. Мен кайра ошончо жүктү кайсы акчама жүктөтөм? Ошондуктан каршы болуп жатабыз", - деди дагы бир өз атын атагысы келбеген айдоочу.

Аталган көзөмөл-өткөрүү жайында унаалардын кезекке туруусу 19-мартта башталган. Ал учурда жалпы саны 50дөй гана болсо, учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык 200дүн айланасында.


кошулду





Казакстанга кире албай кезекте турган унаалар, нааразы болгон айдоочулар

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(24)
01.04.2019. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Казактарга кунун калбасын.
02.04.2019. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бийлик чечпейби ун катпай жатышат канчалаган Элдер ушулардан Жан багып жатпаймбы??? Бул кандай корунуш байкуш элди кыйнамай мн убара!!!!!
02.04.2019. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aida007,Бийлик Атамбаевдин азабын тартып жатат. Атамбаев бийликке жолтоо болбой сыйы менен болсун. Былтыр дагы казактарга катуу сүйлөп чек араны Жээнбеков чечип келген. Эми ушинте берсе карап отурушмак беле чечет да.
02.04.2019. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Назарбаев кеткен кундон башталды бирдеме бар бул жерде
02.04.2019. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aida007,Мен жок менин баркымды билгиле дегени го...
02.04.2019. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз товар жонотконбуз 10 кундон бери жетпей турат ал жакта да кутуп жаткандар озубуздун эле кыргыздар соода кылалбай товарды кутуп жатышат
02.04.2019. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына сага казак кыргыз бир тууган,Россияга кете турган жукту эмнеге текшерет тушунуксуз.
02.04.2019. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мынча бул казактар оздорун корсотуп калышкан сволочтор десе эмне деген кызганчактык бул
02.04.2019. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мурунку өткөрбөй койгонун Атамбаев дөөдүрөп, ушинтип атабыз дедик элек. Эми муну кимден көрөбүз
02.04.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aikaaaa,дагы деле Атамбаев
02.04.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sely,Акаев или Бакиев куноолуу:)
02.04.2019. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казактар күчтөрун чек арадан чыгарып көнүп калышкан. Булар менен тең ата сүйлөшүү керек. Мурун Атамбаев оозунан жаңылып, көп зыян тарттык эле.
02.04.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээ кудайым ушу Казактардын кылыга жанга тийди да,биз жактан да кун чыгып калаар анан суйлошобуз баурлар менен.
02.04.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш элим
02.04.2019. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Соке бир нерсе чечеби озу.Иштей албаса элди кыйнабай озу да кыйналбай кетпейби.
02.04.2019. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Azat.97,Соке агынан согот...
02.04.2019. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nur777,Президент намаз окуган киши антип агынан деп айыптаганын туура эмес го
02.04.2019. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Azat.97,Атамбаев тилинен жаңылып, жаап койгон чек араны Жээнбеков ачып келгенде кайда элеңер. Бул убактылуу процесс.
02.04.2019. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
казактар россия менен койулган келишимди угуп ичи өтүп кетти окшойт көрө албастык жаман нерсе даөзү
02.04.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элге эле убал
02.04.2019. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Чек аранын жабылышы убактылуу процесс. Кааласа ачат кааласа жабат.
Erik2018 түзөттү 2019-04-02 22:37:03
02.04.2019. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Erik2018, деп түшүнүктүү болуп койдуң
SUPER.KG видео
03.04.2019. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казак кыргыз бир тууган болбой калдыбы? деген суроо келет экен ушундай мамиледен кийин. Кыргызстан сууну жибербей койсун.
03.04.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буйруса жакында сугат башталат. Сууну бууп салыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: