"Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекте турган унаалардын катары суюла элек

1-апрель күнү Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында 200дөй унаа кезекте турган болчу. Мамлекеттик чек ара кызматы SUPER.KG'ге учурда дале 200гө жакын унаа турганын кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Салкын Абдыкариеванын айтымында, кечээ жалпы 191 унаа Казакстандын аймагына өткөрүлгөн.
"Көзөмөл-өткөрүү жайында абал ошол бойдон эле калууда. Кечээ 200дөн ашык унаа турган болсо, анын 191и Казакстандын аймагына өткөрүлгөн. Бүгүн кайра эле башка жүк ташуучулар келип катарга кошулуп жаткандыктан унаалардын саны 200дөй", - деди Абдыкариева.
Аталган көзөмөл-өткөрүү жайында унаалардын кезекке туруусу 19-мартта башталган. Казак бийлиги бул жагдайга арадан 10 күн убакыт өткөндөн кийин гана түшүндүрмө берди. Аталган өлкөнүн Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кирешелер комитетинин тараткан маалыматына караганда, тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүп, керектүү учурларда унаалар дыкат текшерилип жатат. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканы белгиленген. Бирок айдоочулар каршы пикирде.
Казакстанга кире албай кезекте турган унаалар, нааразы болгон айдоочулар



1 |