Депутат өлкөдөгү эшек бизнестин жетекчисин тапканын айтты
"Кыргыз өлкөсүндөгү эшек бизнесинин башында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов турат" деген пикирин бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Өткөн айда Мадыдагы эшек фермасы тууралуу сүйлөп, өкмөттүн намысын, сезимин ойготконго аракет кылдым эле. Түшүнгөн эмес окшойт. Бул маселени 9 айдан бери көтөрүп келе жатам. "Жабабыз" деп сөз берген, бирок жабылган жок. Анан мен тактаганга аракет кылдым. Бир ай мурда Калысбек Жумаканов "мыйзамдуу жапканга болбойт" деп жооп берген. Тактап чыксам, көрсө Калысбек Жумаканов ушул бизнестин башында турат экен. Бүт тийиштүү документти алдым, Финполдон да алдым", - деди депутат.
Андан соң ал мындай тыянакка келгенинин себебин түшүндүрдү.
"22-январда Бажы кызматы Кыргыз-Кытай чек арасында аткезчилик жүк кармаган. Унааларды ачканда 27 миң ондатра териси, 1570 эшек териси табылган. Ал эми Ветеринардык инспекциясы “биз ачтык, көрдүк, 16 миң гана ондатранын териси бар экен” деген акт түзүп жатат. Жумаканов өзү кол коюптур. Ошол "Токойлуу-Сай" ишканасына 40 миң ондатрага уруксат берип жатат. Эсептеп текшергенде, 11 тонна эшек териси чыгып жатат. Эми менде суроо: Кыргыз жергесинде 40 миң ондатра барбы? Каяктан келген? 1570 эшектин териси каякта?
Финполдо тиешелүү кылмыш иши тергелүүдө. Жумаканов кылмыш жообуна тартылсын. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчилиги жумуштан бошотулсун. Мекемедеги ички климатка көңүл буруп коюңуздар же мен өзүм көтөрөм", - деп эскертүү берди Шайназаров.
SUPER.KG порталы бул маселе боюнча экинчи тараптын пикирин угууга даяр жана бул иш боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчилигине кайрылат.
Депутат: "Эшек бизнесинин башында ветинспекциянын жетекчиси турат"

