super.kg logo
  Саясат  

"Аскарбек Шадиевдин бизнеси камакка алынганда башка эле бизнесмендер да жабыркады" деген депутат укук коргоо органдарын сындады

 

"Аскарбек Шадиевдин бизнеси камакка алынганда башка бизнесмендер да жабыркады. Алар жөн гана анын дүкөндөрүнө товар ташыган адамдар" деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

"Макул, Шадиев боюнча соттун чечими бар экен. Ал эми жөн эле товар ташып жүргөн ишкерлердин товарын эмнеге алып коюшту? Алар Шадиев менен эч кандай байланышы жок, жөн гана ата мекендик өндүрүүчүлөр, бирок товарлары кайтарылып бериле элек", - деди Бекешев.

Анын айтымында, укук коргоо органдары өлкө аймагындагы бизнестин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратууда.

"Акыркы учурда укук коргоо органдары кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз. Албетте, алар текшерип, адамдардын укуктарын коргошу керек. Бирок акыркы учурда алар экономикалык багыттагы текшерүүлөр менен көп алектенүүдө", - деп кошумчалады Бекешев.






Депутат укук коргоо органдарын сынга алды

Автор: Жылдыз Джускембаева
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: