super.kg logo

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жетекчиси "Дордой"-"Алтын Асыр" беттешинде газондун даяр болбой калгандыгынын себебин түшүндүрдү

 

Кечээ, 3-апрелде АФК Кубогунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" клубу Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубун кабыл алды. 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган беттештен кийин бишкектик клубдун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюндун жыйынтыгына талаадагы газондун сапаты да чоң таасирин тийгизгенин белгиледи.

Газондун даяр болбой калгандыгынын себебин аталган стадиондун директору Жеңишбек Кызалаков туруксуз аба ырайы менен байланыштырды. Анын айтымында, мартта жаан чачын көп болгондуктан оюн талаасын даярдоого убакыт аз бөлүнүп калды.

"Өзүңүздөр билгендей, март айында жаан-чачын көп болду. Мунун айынан газонду даярдоого 20 күнгө жетпеген гана убакыт бөлүп калдык. Эртерээк киришкенде башкача жыйынтык болмок.

Негизи талаадагы чөптүн баарын алып салып, жаңы газон өстүрүш үчүн кеминде 5-6 ай убакыт керек болот. Кийинки оюн 1 жарым айдан кийин өтөрүн эске алсак, бизде убакыт жетишсиз. Ошондуктан азыркы газонду сугарып, чөп чыкпай калган жерлерине жаңысын себебиз. Кийинки беттеш идеалдуу газондо өтөт деп убада бере албайм. Бирок кечээги оюндагыга караганда алда канча сапаттуу газон болот", - деди Кызалаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(15)
04.04.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин мектептин стадионуна окшоп калыптыр
04.04.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сөгүш берип, кызматтан алыш керек. Убакыт аз деген, бул жөн гана шылтоо.
04.04.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жамгыр көп жаап чаңы чыгып кетиптирда анда ээ? Жүйөөлүү себеп айткыла биз ишенели. Быйыл тескерисинче жамгыр аз жаады.
04.04.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман эле болгула, бир мамлекеттин стадионун жасай албасаңар ХХХХХ, ушу чоңдордун бетине түкүргум келип жүрөт.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-04 14:43:28
04.04.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
BaihanUlanov, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
04.04.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
admin_portal, кыжыры кайнаса башка соз келбейткен да. Мамлекеттин абройун тушургон ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-04 16:09:59
04.04.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу бул стадион Кыргызстандын эн ишенген стадиону болсо,анан ушинтип ар шылтоону айтып отурса болбойт да.Эми ушинтип отура берсе ФИФА нын комиссиясы стадионго ойногонго болбойт деп,коншу мамлекеттерге ойнотуп койот,отурабыз анан Дордойго болеть этиш учун Озбекстанга барып.Агроном дегендин жакшысын таап,жакшы конул бурбаса болбойт бул корунуш!!!
04.04.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84, агроному да таяке-жээни жэ ага-иниси болуп кетсе керек. Биз элестеткендей кетменди ийинге көтөргөн иштерман эмес, жол тандабастан түшпөй көчө чаңыткан бирөөдүр балким
04.04.2019. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оштогу стадиондо газонго чатыр жаап 20-февралдагы беттешке сонун кылып эле даярдашты эле го.
04.04.2019. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bessmertiy, аны Ош дейт. Бул жер Бишкек. Жамгыр көөп жаап ишке чыгалбай жатышса кантсин бечараларды.
04.04.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок дегенде чаң учуртпай сугарып коюшпайбы уят эле болдук мынтип жатышса футбол өнүкпөйт го
04.04.2019. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Газонду да сатып жибердинерби?
04.04.2019. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лейлек не болбу граница туугандар газонун мн жерге кир
05.04.2019. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марртта 2эле жолу жаады го жаан.Бишкекте )))
05.04.2019. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаан жааганда силер не иштебейсинерби а... уялсанар кичине европада кунуго жаан жаайтго...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: