super.kg logo

"Чоң атасы прокуратурада иштесе да..." Жапаров мурдагы кайгуулчунун ишин териштирүүнү тапшырды (видео)

 

Кечээ, 13-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын тургундары менен жолугушуусу өттү. Анда үч ай камакта отурганын, учурда иши сотто каралып жатканын айткан шаар тургуну Дастан көзүнө жаш алып, президенттен жардам сурады.

Анын айтымында, ал өнөктөшү менен биргеликте Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында иштеп жүргөндө документтери жок автоунааны токтотуп, айып короого жеткирген. Бирок өзү ажатканага чыгып кеткен учурда кесиптеши аталган автоунааны коё берип жиберген. Дастан бул окуядан кийин өзү күнөөлүү катары каралып, үч ай камакта отурганын, учурда иш сотто каралып жатканын билдирди.

Ошондой эле Дастан өнөктөшүнүн агасы прокуратурада иштей турганын жана окуядан кийин өнөктөшү кызматынан алынбай, дагы деле иштеп жатканын билдирди.

Ички иштер министринин орун басары бул иш протокол түзүлгөн автоунааны кайра коё берүү фактысы боюнча козголгонун түшүндүрдү. Ал окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн эки тараптын тең пикирин угуу зарылдыгын белгиледи.

Президент Дастандын өнөктөшүн кызматтан четтетип, андан кийин ишти ар тараптуу териштирүүнү тапшырды.

"Эгер бул баланын айткандары чын болсо, Башкы прокуратурада атасы же чоң атасы иштесе да, кызматтан айдагыла. Прокуратура, силердин ишиңер экен. Аскер прокуратурасына өткөрүп, териштиргиле. Соттор да көзөмөлгө алып, ишти калыс карагыла", — деп тапшырды мамлекет башчысы.






"Прокуратурада чоң атасы иштесе дагы...". Президент көзүнө жаш алган мурдагы кайгуулчунун ишин териштирүүнү тапшырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: