super.kg logo

Bishkek Towers объектисиндеги өрт боюнча BRK Group компаниясы билдирүү таратты

 

Кечээ, 13-ноябрь күнү кечинде Бишкек шаарындагы Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан Bishkek Towers объектисинин экинчи кабатынан өрт чыкты. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Өрттү өчүрүүгө саат 18:42де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт өрт өчүрүүчү тобу тартылды. Саат 19:13тө өрттүн жайылышы токтотулуп, 19:37де толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 200 чарчы метрди түзөт.

BRK Group компаниясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда өрттүн келип чыгуу себебин ӨКМ жана тиешелүү мекемелер тактап жатат. Расмий корутунду 16-ноябрда жарыяланышы күтүлүүдө.

Компания текшерүү иштерине ачык экенин билдирип, тиешелүү документтерди жана объектке кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө даяр экенин белгиледи. Расмий жыйынтык чыкканга чейин өрттүн себептери боюнча божолдуу маалыматтар берилбейт.

"Эң башкысы — эч ким жабыркаган жок. Ыкчам иш алып барган ӨКМ кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Учурда адистер объектти текшерип жатышат. Текшерүүнүн жыйынтыгы жана мындай окуя кайталанбашы үчүн көрүлө турган чаралар тууралуу ачык маалымат беребиз", — деп билдирди BRK Group компаниясынын башкы директору Улан Кобашев.

Ошондой эле компания үлүшчүлөрдүн жана сатып алуучулардын суроолору болсо, 0550 555 577 телефон номери аркылуу кайрылса болорун маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: