super.kg logo
  Саясат  

Рыскелди Момбеков Атамбаевге: "Сиз танда деген кишини тандадык, шайла дегенди шайладык, анан эми сиз жайла деген кишини жайлай албайбыз"

 

Бишкекте бүгүн, 6-апрелде "Медиа Форум" имаратында КСДПнын кезектеги 18-съезди саат 10:00дө башталып, жабык эшик артында өттү. Андан соң ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берүү үчүн брифинг болду.

Курултайга катышып чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков аталган партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев кетирген каталарын моюнуна алып, кечирим сураганын билдирди.

"Мен бүгүнкү курултайда Атамбаевге айта турган сөздөрүмдүн баарын айттым. Бирок Атамбаев курултайда өз сөзүн кечирим суроо менен баштады. Учурдагы КСДПнын абалы оор болуп турат. Мен Атамбаевге жан сакчыларыңыздын баары жан бакты болуп чыкты, жардамчыларыңыздын баары жалганчы болуп чыкты. Буга өзүңүз күнөөлүүсүз дедим. Бүгүнкү саясий кырдаалдын туңгуюкка келип такалышына сиздин күнөөңүз бар. Анткени сиз тегерегиңиздеги кошоматчыларга ишенгенсиз деп кесе айттым. Сиз танда деген кишини тандадык, шайла дегенди шайладык, анан эми сиз жайла дегенди жайлай албайбыз. Бул туура эмес болуп калат, логикага туура келбейт", - деди Момбеков.






Момбеков Атамбаевге: "Президент кылып шайлагыла дедиңиз, эми жайлагыла деп жатасыз"

Автор: Айпери Ганыжан кызы
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: