super.kg logo

"Бала бакчада балдар биттеп, сарык менен ооруганын жетекчилик буга чейин жаап-жашырып келген" дейт "Шоола" бала бакчасына баласы барган эне

 

Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында балдар бир керебетке 4-5тен, батпай калгандары жерде жатканы тартылган видео кечээтен бери талкуу чордонунда. Бүгүн аталган бала-бакчага балдары барган ата-энелер нааразычылыгын билдиришип бала бакчанын жанына чогулушту. SUPER.KG порталына балдардын биринин энеси Батма Калчаеванын айтымында, бала бакчада балдар биттеп, сарык менен ооруганын жетекчилик буга чейин жаап-жашырып келишкен.

"Балдарыбыз жерде жатып калыптыр деп директорду жумуштан алууну көздөгөн жокпуз, бирок мындай нерсе болбошу керек. Жарым-жартылай жылаңач, үстүлөрү ачык, бир керебетте 4-5тен, батпаганы жерде жаткан балдар жүрөктү оорутту. Видео бул бала бакчада тартылганын уккан соң кечээтен бери чогулуп жатабыз. Нааразы болуп келген ата-энелерге директор чыгып жолугуп, "мен 60ка чыгам, мен кетем" деп окуянын чоо-жайын түшүндүрдү. Бирок айта турчу көйгөйлөр көп, балдарыбыз бир апта бала бакчага келсе, 2 апта ооруйт. Буга чейин сарык менен ооруган балдар болгон, кызы да баласы да биттейт, жөтөлөт. Бул нерсенин баары жетекчилик тарабынан жаап-жашырылып келген.

Ооба, бала бакчага келген балдардын саны көп, бирок көп экенин билип туруп эмне үчүн алардын үстүнө дагы балдарды кабыл алышат? Баланы бала бакчага киргизүү үчүн "шапкасына" жок дегенде 5 миң сом, эң көбү 20 миң сомго чейин алганын элдин баары эле билет. Мен өзүм баламды бул бала бакчага киргизгенде шартымды түшүндүрүп, акча берген эмесмин, бир сиңдим акча берип анан киргизген.

Оңдоо иштерине деп акча чогултулат, бирок ал кайда кетет? Балдар жаткан жерге ата-энелер киргизилбейт, мен да ал жакты көргөн эмесмин. А бирок биз ата-эне катары балдарыбыз тиешелүү шартта каралышын талап кыла алабыз", - дейт эне.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кечээ интернетте бала бакчада 50гө жакын бала бир бөлмөдө, бир керебетке 4-5тен, узун-туурасынан жатканы тартылган видео тараган. Кээ бири батпай калып, полдо уктап жаткандары да бар. Тасма Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында тартылганы аныкталган.






Бир керебетте төрттөн уктаган балдар. Ата-энелер нааразы. Бала бакча жетекчилиги эмне дейт?

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
SUPER.KG видео
24.04.2019. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апеей бул аял заведующий эмне дейт, киргенге уруксаат берилиш керек дегени эмне? Кайдан чыккан андай закон экен? Мамлекеттик бакча да бул. Керек болсо менчик бакчага кирсе болот да! Бул эмне деген шумдук! Ушундай кылып карапйым элди футболит этсе боло бербе. Бир мектеп, бир бакча деп эле булар такыр болбой калган го коррупцияны гулдодуп жайнатып отура беришеби? Болгон бакчаны мектепти катуу козомолго алуу органдар ойлонбойбу. Тобоо
24.04.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-ден ремонттон алдын ата-энелерге эскертуу бериш керек.2-ден ремонт убактысында жок эле дегенде 1айга жабыш керек.3-дон бала бакчада канча бала бар экенин озуда билбейт,эгер 320бала бар болгон болсо,ар бирине компенсация толонуп берилиш керек за то,что ошончо бала ремонт убактысында химия менен дем алып жатышкандары учун.4-дон силер эмне себептен руксат сурашынар керек киришке?андай жактарга имеете право туртуп кирип барышка,бул силердин жумушунар.
25.04.2019. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеого тарткан адам ким болсо да чоон койгойдун бетин ачты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: