"Б...ь, д...б! Мен сени с...м". Сөгүнгөн жетекчи боюнча өкмөт башчы: "Андай сөздөрдү азыраак колдон деп айттым"
"Сөгүнгөн жетекчиге жанагы сөздөрдү азыраак колдон деп айттым", - деп бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Депутат Исхак Масалиев: "Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси отурат, ал элдин баарына таанымал болду. Балким, жакшы жигиттир, бирок бирөөгө зыян келтирем деп коркутуп жатат. Андан башка адис жок беле?" - деп сурады.
Буга Абылгазиев: "Эми ушундай болуп калыптыр. Эркек киши жанагындай болуптур, эми мындай болбойт деп ойлойм. Ага жанагы сөздөрдү азыраак колдон деп айттым", - деп жооп берди.
Буга төрага Дастанбек Жумабеков "такыр колдонбосун" деп күлдү.
Буга чейин интернетте мамлекеттик каттоо кызматына жаңы дайындалган Алмаз Мамбетовдун мэр болуп иштеп жүргөн кезинде шаарды андан мурун жетектеген Сатыбек Шамшудиновду сөккөн аудиосу тараган.
Депутат сөгүнчөөк чиновниктин кызматка кантип келип калганына кызыкты

