super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү боюнча кыргыздын Эль-класикосу. "Достук" командасы "Ынтымакты" 1:0 эсебинде жеңип, чемпион аталды (хронология)

 

9-Май - Жеңиш күнүнө карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча Өлкө биринчилигинин Жогорку Лиганын финалдык оюнунда салтка айланып калгандай Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы беттешти.

Буга чейин 7-майда орун алган Жогорку Лиганын тайпалык оюндарынын алкагында алгач "Ынтымак" командасы Чүйдүн "Сары-Өзөн Рассвет" командасы менен кез келип, кыл чайнашкан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" командасы 8:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Ал эми бүйүр кызыткан "Достук" - "Сары-Өзөн" оюну да көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, оюн 10:4 эсеби менен аяктап, Оштун "Достук" командасы жеңүүчү аталган.

15:27. Азыркы тапта ат майданында салбуурун боюнча мелдештери болуп жаткан учуру. Бул оюндардан соң "Ынтымак" - "Достук" беттеши старт алат.

15:32. Белгиленген убакыт боюнча беттеш саат 15:00дө башталышы керек эле, бирок ат оюндары узакка созулуп кеткенине байланыштуу оюндун башталышы кечигүүдө.

15:34. Айта кетчү нерсе Биринчи Лиганын финалдык оюнуна караганда, азыркы боло турчу оюнга келген көрүүчүлөрдүн саны арбын экени байкалууда.

15:39. Эскерте кетсек, оюндар Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Адистердин айтымында ат майданы кумдуу болгондуктан, көк бөрүчүлөрдүн жаракат алуу коркунучу азайган. Анткени аттар кумдуу талаада ылдамдыгын жогорулата албайт.

16:00. 2 команданын оюнчулары оюн талаасына чыгышып, Көк бөрү федерациясынын гимни жаңырууда.

16:04. "Ынтымак" командасы көк түстөгү, ал эми "Достук" командасы кызыл түстөгү форма менен ойношот.

16:05. Ышкырык, жаңырып оюн башталды.

16:06. Оюн башталары менен жекеме-жеке чыгуу орун алууда. "Ынтымак" командасынын аттары жекеме-жеке чыгууда өз командасына артыкчылык алып келүүдө.

16:08. Айторууну минген "Ынтымак" командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу чабуул жасап, бирок коргоочулар аны оюн талаасынан чыгарып коюшту.

16:10. Жекеме-жеке чыгуу. "Достук" командасынын оюнчусу Эрсултан Айдаркан уулу улакты эңүүгө аракет кылууда.

16:12. Улак "Ынтымак" командасында. Алар тай казандын жанында болушуп, улакты салууга аракет кылышууда.

16:15. Улак жерде. Жекеме-жеке чыгууда аттардын күчтүүлүгү сыналып жаткандай. Улак "Ынтымакта" оюн "Достуктун" тай казанынын жанында уланууда.

16:20. "Ынтымак" командасынын оюнчусу улакты ыргытканга аракет кылды. Бирок улак оордук кылдыбы, айтор, тай казанга жетпей эле жерге түшүп калды.

16:22. Аудасбек Мырзабек уулу өзүнүн Геркулеси менен Көк Бетти минип ойноп жаткан Айбек Темирбаевге каршы турууда. Аудасбек аттан жыгылып оюндан убактылуу четтеди.

16:25. Оюндун биринчи бөлүгү аягына чыкты. Эсеп 0:0.

16:35.
Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюндун 2-бөлүгү башталды.

16:37. "Достуктун" оюнчусу Кыяз Ниязов улакты эңип тай казанга жакындап ыргытты эле, түшпөй калды.

16:38. "Достук" командасынын оюнчусу Таши Майылбашев улакты дагы бир ирет ыргытып көрүүчүлөрдү дүрбөттү, тилекке каршы, улак тай казанга түшкөн жок. "Ынтымак" командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу аттан кулап түшүп, жаракат алган өңдөнөт, бирок ал "Тез жардамдан" баш тартып оюнду улантып жаткан учуру.

16:40. Манас Ниязов өзүнүн Шторму менен алдыга чаптырды бирок атаандаштары аны оюн талаасынан сүрүп чыгарышты. Дал ушул жерде Манас Ниязовго Бойкасы жетишпей жатканы байкалууда.

16:43. 2 команда тең мыкты оюн көрсөтүп, жогорку деңгээлде даярданып келишкенин далилдешүүдө.

16:45. Салмагы 35 килограмм болгон улакты топ ыргыткандай ары-бери калчаган улакчыларды көрүүчүлөр да чабуул болгон сайын алдыга сүрөшүүдө.

16:48. Жалгыз калган "Ынтымактын" оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу тай казанга жалгыз барып бирок шашып кеттиби, улак тай казандын сыртына түшүп калды.

16:52. Жекеме-жеке чыгуу оюнчулар тирешип, улакты эч бир команда эңип кете элек.

16:55. Оюндун 2-бөлүгү аяктады. Эсеп саны дагы да болсо 0:0.

17:05. Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюндун 3-бөлүгүнө старт берилди.

17:06."Достуктун" оюнчусу Манас Ниязов атын алмаштырып чыккан көрүнөт. Жекеме-жеке чыгуу орун алууда. Сейитбек Ахиллести минип алып мыкты оюн көрсөтүүдө.

17:08. "Ынтымак" командасы мыкты чабуул уюштуруп, улакты бири-бирине өткөрүп беришүүдө.

17:10. Нуржан Мелисбек уулу улакты салууга канча аракет кылбасын "Достуктун" коргоочулары ага эч кандай мүмкүнчүлүк бербей жатканы байкалууда. Көрүүчүлөр да демин ичине кысып, оюн кандай өнүгүп кетет деп карап жаткан мезгили.

17:12. Көк бөрүчүлөр Манас Ниязов менен Нуржан Мелисбек уулу мыкты даярдыкта экенин көрсөтүп, эсеп санын ачканга далалат кылып жаткан мезгили.

17:15. "Достук" командасынын оюнчусу Кыяз Ниязов жогорку ылдамдыкта тай казанга жүгүрүп жетип бирок өз убагында токтоно албай оюн талаасынан чыгып кетти. Ат майданында отурган күйөрмандар бир сыйра дүрбөп алышты.

17:18. "Достук" командасынын капитаны Таши Майлыбашев алгачкы улакты салып, эсеп санын 1:0 кылды.

17:21. Ташталган улактан кийин "Достук" командасы тактикалык оюн көрсөтө баштады. Ал убакытты созууда.

17:25. Оюн аягына чыгып, "Достук" командасы турнирдин чемпиону аталды.


кошулду





"Достук" командасы Республикалык турнирдин жеңүүчүсү аталды

Автор: Наргиза Талантбекова
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
09.05.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алга Достук!
09.05.2019. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Манас чыныгы манастыгынды корсотуп койчу таласка,алга длстук
09.05.2019. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Достук
09.05.2019. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Достук
09.05.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Ынтымак вперед. Достук назаааааад
09.05.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Талаааааас алгаааа
09.05.2019. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Достук чычалап башташты
09.05.2019. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Достук менен Ынтымак экөөң тең алгаа
09.05.2019. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Админ достука тартып атканынар билинип турат
09.05.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Йййэээээээ́! Достук!!
09.05.2019. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бул оюн бирок баарибир Ынтымак чемпион
09.05.2019. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aza84,түз жала,түз жала!
10.05.2019. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aza84,Ооба ошо сенин чемпионун сенден эчким талашбайт утулса да сага чемпион боло берет сага окшогондорго.
09.05.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Достук Чемпион
09.05.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат 2 команда тең. 3 тайм бир салым салдырбай жүргөн каерде бар экен. Азаматсынар улакчылар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: