super.kg logo

Бишкекте сабалган 7 жашар баланын апасы: "Күйөөм баламды буга чейин да сабап келген"

 

12-май күнү 7 жаштагы Н.У. аттуу бала өз атасы тарабынан сабалып, денесине залал келтирилип Бишкек шаарынын №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Баланын апасы 39 жаштагы Н.Г. баласын жолдошу сабаганын айтып, окуянын чоо-жайын SUPER.KG'ге айтып берди.

Анын айтымында, жолдошу өзүнөн 6 жаш кичүү, экинчи турмушу. Биринчи жолдошунан 3 баласы, ал эми экинчи турмушунан сабалган жалгыз уулу бар. Жолдошу менен жашаган 8 жылдын аралыгында күйөөсү баласына эле эмес, өзүнө да кол көтөрүп келген.

Окуя болгон күнү Н.Гга жолдошу телефон чалып баласы дайынсыз жок болуп жаткандыгын айткан. Апасы жумушунан келип экөө баласын издешкен. Жыйынтыгында бала кошунасыныкында жашынып калганын билишип, атасы уулун сабап салган. Ошондой эле ал күйөөсү азыр качып жүргөнүн, анын камалышын каалаарын, милицияга арыз менен кайрылганын айтты.

Бул факт боюнча Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын инспектору Сайкал Садыбакасова төмөнкүлөргө токтолду:

"Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар жөнүндө кодексинин "Үй-бүлөдөгү зомбулук" фактысы менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда жабырлануучу балага карата тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө".






Тагдыр. Атасы 7 жашар баласын катуу сабап, ал ооруканага түштү

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
15.05.2019. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колун сынгыр
15.05.2019. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Экинчи аял
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: