super.kg logo
  Саясат  

Суваналиев, Салиев, Жапаров... УКМКнын башчылыгына ким келиши мүмкүн?

 

Бүгүн, 15-майда УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кетти. Ал отставкага кетүүсүн азыркы паспорт чырына байланыштырды. Учурда анын ордуна ким келери кызуу талкууланууда. Интернеттеги социалдык тармактарда УКМКнын төрагалыгына келиши мүмкүн делген төмөнкү адамдардын ысымдары айтылып жатат.

1. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев

"Комиссар Катани" деген атка конгон 58 жаштагы Суваналиев көп жыл бою укук коргоо органдарында иштеген. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Быйыл февраль айында Суваналиев президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына дайындалган.

2. 21 жыл чекист болгон Таалайбек Жапаров

52 жаштагы Таалайбек Жапаров эмгек жолун 1995-жылы Улуттук коопсуздук кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында аскер кызматкери болуп баштаган. Ошол убактан 2016-жылга чейин (21 жыл) Улуттук коопсуздук кызматынын түрдүү кызматтарында иштеген, УКМКнын бөлүм башчысы да болгон. 2016-жылы март айында Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына келип, ошол эле жылдын 26-июль күнү төрага болуп дайындалган. 2019-жылы февраль айында бул кызматтан бошотулуп, анын ордуна Мелис Турганбаев келген. Таалайбек Жапаровдун кандайдыр бир чууларга аралашканы же аралашпаганы белгилүү эмес.

3. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Кочкоров 1974-жылы туулган. 1997-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн. 2009-2010-жылдары Салык жана салык чогултуу боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы болгон. Андан кийин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын "Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп шайланган. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, 8 миң 498 добушу менен 6-орунду ээлеген. 2018-жылдын октябрь айында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты аркалап келет.

4. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын төрагасы Сагынбек Исмаилов

Сагынбек Исмаилов 55 жашта. Ал 1985-жылы Карагандадагы милициянын Жогорку мектебин аяктаган. 1986-жылдан бери ИИМдин системинде укук коргоо органдарынын түрдүү кызматтарында иштеп келген. Азыркы кызматына чейин ал 2017-2018-жылдары Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары болгон. 2018-жылдын март айынан тарта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жетектеп келет.

5. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев

Бул тизмедеги талапкерлердин эң жашы Алмамбет Салиев. Ал 35 жашта. Кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун 2008-жылы Ош облусунун Ички иштер башкармалыгында баштаган. Андан соң 3 жыл Ош облусунун мамлекеттик администрациясында түрдүү кызматтарды ээлеген. 2012-2017-жылдары өкмөттүн аппаратында иштеген. Президенттикке Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин анын аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматына дайындалган.






Ресторан, тендер, паспорт...УКМКнын төрагасы кызматтан кетти

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: