super.kg logo

"Акнет" компаниясынын үлүш ээлеринин бирин жана анын өнөктөшүн компаниянын имаратына киргизбөө аракети болду

 

Бүгүн, 29-майда "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын үлүш ээлеринин бири Руслан Абдумажитовду жана анын өнөктөшү Аскар Кутановдун жактоочусу Зарылкан Токтосунованы компаниянын имаратына киргизбөө аракеттери болду.

Үлүш ээсинин айтымында, буга чейин ишкана тыныгуусуз иштеп келген, ал эми бүгүн эшиги жабылып ал жерде "түшкү тамактануу" деген жазуу пайда болду. "Ишкана тыныгуусуз иштеп келген. Бул жер эч качан түшкү тамактанууга жабылчу эмес. Күзөт кызматы дагы турчу эмес, себеби абоненттер тынымсыз келип-кетип турушат. Учурда түшкү тыныгуу деген шылтоо менен бизди ичине киргизбөө аракети жүрүүдө", - деди Абдумажитов.

Мындан бир аз убакыт өткөн соң Руслан Абдумажитов жана анын жактоочулары имаратка киргизилди, бирок иш орундарында эч кимиси жок болуп, айрымдары эшиктерин ичинен бекитип алганы байкалды.

"Компаниянын үлүш ээлеринин бири Кубан Ажимудинов менен пикир келишпестик болгондон бери ишканага келе элек болчумун. Себеби ал тараптан ар кандай коркутуулар болгон", - деди Абдумажитов.

Ал эми Аскар Кутановдун жактоочусу Зарылкан Токтосунова ал жүйөлүү себептерден улам келе албаганын айтты.

"Айткым келген эмес, бирок айтууга туура келип жатат. Аскар Кутанов онкологиялык дартка кабылган. Учурда ал химиотерапия алууда. Жакында эле ага операция жасалган, кечээ тиккен жеринин жиптери чыгып кетиптир. Ал жакшы болуп кетет", - деди Токтосунова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2018-жылдын 22-ноябрында "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгон деген маалымат тараган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган. 2019-жылдын 28-майында "Акнеттин" президенти Кубан Ажимудинов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






"Акнеттин" айланасында 6 айдан бери уланып жаткан чыр

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.05.2019. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акнетке кызыккандар толуп жатат. Азыркы Жээнбековтун тушунда рейдерлик жол менен биронун иш канасын тартып алуу адатка айоанда. Мындай учурлар Бакиевтин тушунда коп болгон. Кыскасы Жээнбеков рейдерлик бийликти орнотту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: