Студенттерге үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан Бишкектеги үч жогорку окуу жайда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча студенттер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Профилактикалык иш-чаралар И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде, Бишкек мамлекеттик университетинде жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде уюштурулду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө студенттерге үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү, анын кесепеттери, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана зомбулуктун алдын алуу жолдору түшүндүрүлдү.
Иш-чаралар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана зомбулукка карата терс мамилени калыптандыруу максатында өткөрүлгөн.
ИИМ мындай профилактикалык иштерди улантарын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















