super.kg logo

Ош мэринин тургундар менен үч күндүк жолугушуулары Жапалакта жыйынтыкталды

 

Бүгүн, 13-ноябрда, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин шаар тургундары менен үч күндүк жолугушуулары Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Жолугушууда тургундар газ, таза суу, канализация, электр энергиясы, балдар аянтчасын куруу жана көчө инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Мэр айтылган маселелерди тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте карап чыгып, аларды чечүү боюнча жооптуу кызматтарга тапшырмаларды берди.

Ошондой эле өрт кырсыгынан жабыркаган турак үйдүн ээсине жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Мэриянын маалыматына ылайык, акыркы үч күндө шаардын ар кайсы аймактарында өткөрүлгөн жолугушууларда тургундардын көйгөйлөрү талкууланып, аларды чечүү жолдору каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: