super.kg logo

ИИМ: "Орок айылында абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө"

 

Чүйдөгү Сокулук районундагы Орок айылында абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Ыкчам иликтөө жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө айылдын 32 тургуну кармалган. Алардын 31и бошотулду жана 1 жаран Сокулук районундагы убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Бүгүн, 6-июнда сот тарабынан анын баш коргоо чарасы каралат.

Ошондой эле түн ичинде бир дагы тартип бузуу болгон жок. Азыркы учурда Сокулук райондук ички иштер бөлүмү менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери абалды көзөмөлгө алып, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууну улантышууда", - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм бала 1 баланы жалгыздап сабап салышып, жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Буга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.






Ороктогу окуядан видеорепортаж

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.06.2019. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачууга алдырбагыла бул даагы бир адамдын кызыкчылыгы үчүн эле болуп жаткандай карапайым эл кыйналат бир күндө жаңы жердеда болуптур именно айт намазда бир адам эле уюштуруп жаткандай ИИМдегилер жакшылап иликтегиле
06.06.2019. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aerforce,жаңы жерде лезгиндер менен жалаң жаштар ортосунда болгон
SUPER.KG видео
07.06.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка элдин элчилери кыргыздардын ички ишине кийришкенге акыларын жок.
Sajakat14 түзөттү 2019-06-07 14:48:42
SUPER.KG видео
07.06.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар сабашып кетсе эле бүт түрк калкы Кыргызстанда жашаган жаман деген туура эмес иш. Кыргыз балдар деле бири бирин сабашып жатпайбы. Кандай гана кылымыш болбосун убагында изилденип, чыныгы күнөөлүүлөр улутуна карабай жазасын алышсын! Акча менен кутулуп кетүү болбосун! Эки улутка бөлүнүп алып сабашуу уят иш.
Sajakat14 түзөттү 2019-06-07 14:57:58
SUPER.KG видео
07.06.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейин ушундай болгон иштер мүмкүн акчанын күчү менен жабылып жүрүп анан эл тажаганда көтөрүлүшү дагы ыктымал. Эгер мүмкүн мурун дагы ушундай сабашкан учурлар болсо, алар дагы бири дагы калбай кайра изилденип акчанын күчү менен эмес, мыйзамдын жолунда жазалансын. Бири бирин кечиришип эле койгондон пайда чыкпайт. Баары бир ичтеринде кек сакталып калат. Элдерде нааразылык болбош үчүн баары улутуна карабай мыйзам чегинде иликтенип жазасын алсын! Ошондо баары мыйзам алдында бирдей экенин билгенд
Sajakat14 түзөттү 2019-06-07 14:55:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: