super.kg logo

Чүйдө бакка асынып каза болгон 16 жаштагы кыздын эжеси: "Бала сиңдимди колумдан өлөм деп эмес, алам деп алып кеткен"

 

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда бакка асынып каза болгон 16 жаштагы кыздын эжеси Флора Догдурбек кызы сиңдисинин буга чейин бирөө-жарым менен сүйлөшүп жүргөнүн билбегендигин, ал 24-май күнү кошо асынып каза болгон бала менен бир рюкзак кийимин көтөрүп, экөө качып кеткенин айтат.

"Кара-Жыгач жаңы конушунда жашайм. Сиңдим дагы окуядан бир аз күн мурда менин үйүмө келген. Анын башы ооруп жатканын апам айтып, шаарга ооруканага жаткыралы деген максатта алып келгенбиз. Сиңдимдин жигит менен сүйлөшөрүн мурда-кийин билчү эмесмин.

24-май күнү сиңдим түшкө маал үйдөн чыгып кетиптир, чай ичели деп аны таппай калдым. Телефонуна чалсам албай койду. Бир убакта бир бала телефонду алып, "сиңдиңиз менин жанымда, азыр барат" деп айтты. Эч нерсе дей албай макул болуп, үйдө күттүм. Саат 19:00 чамасында бир бала менен үйгө ээрчишип келди. Мен ошондо ал баланы биринчи жолу көрдүм. Андан кийин эле бала мени менен учурашып маршрутка кетчү жолду көздөй кеткен. Сиңдимди тамак жаса деп айтып, иштеп жаткан ишимди уланта бердим. Бир убакта эле сиңдиң чогуу келген бала менен кетип баратат деп айтышты. Сыртка чыгып экөөнү чакырсам кайра келишти. Анан эле бала "мен сөйкө салмакмын, алмакмын" деп айтып кирди. Мен ага сиңдим окууну бүтө электигин айттым. Ал болсо сиңдимди колунан тартып баштады. Мен сиңдиме "үйгө кир" деп үчөөбүз тең үйдү көздөй бастык. Ошол убакта сиңдимдин колунда эки телефон бар экен, ошонун бирин жулуп алгам. Көрсө, ал баланын телефону турбайбы".

Маркумдун эжесинин айтымында, сиңдисин аны менен кошо келген бала саат 20:00 чамасында колунан тартып, алып кеткен.

"Сиңдимдин жанында бир рюкзак кийими да бар экен. Өлө турган адам ошентип кетеби? Мен ушуга эле ичим ачышат. Ал өлөм деп эмес, алам деп кеткен. Окуядан кийин тигил тарап "балабыздын телефонун алып алгандан кийин чалбайт белең" дейт. Телефондун кодун билбесем мен кантип чалам? Ошондой эле баланын телефонуна дагы эч кандай чалуу келген эмес. Мен түнү бою уктабай сиңдиме телефон чалып чыктым. Болгону сиңдим апама саат 22:00дө "жакшы калыңыз" деп билдирүү жазып коюптур. Эртеси 25-май күнү Сокулук РИИБинен телефон чалышып, алардын асынып алганын айтышты. Биз деле азыр экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Жыйынтык чыккандан кийин биз дагы териштиребиз".

Атам каза болуп калгандан кийин апам сиңдилеримди эч нерседен өксүтпөй багып келген. Байкуш сиңдим "апа, бизди таштап кетпейсизби?" деп эле айта берчү. Эми өзү бизди таштап кетти. Өзү тың, максаттары бийик кыз болчу. Азыр деле анын каза болуп калганына ишене албайм", - дейт каза болгон кыздын бир тууган эжеси.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда бакка асылган абалда 2 адамдын жансыз денеси 25-майда табылган.

Ал эми каза болгон баланын апасы да бул окуя боюнча пикирин билдирген.






Сырдуу өлүм. Чогуу асынып каза болгон кыз-жигит

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу, Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.06.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
16 жашар кызынын тааныбаган адам менен жүргөнүнө унчукпаган адамдардын тарбиясы ушундай нерсеге жеткирмек...
07.06.2019. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жерде эми айтыш кыйын, кыздын эжесин деле куноолоп болбойт, албетте урушат да, кочолоп журсо синдиси кызды тыюуга акысы бар, мейли кыз тарап макул эмес экен, бала эмнеге апасына бир ооз кенеш салган эмес? Алпарайын десе кой дебесе керек эле, кыскасы переходный возраст кыска ойлошкон экоо тен, олгондун озунун шору дейт го, наркы жашоодо чогуу болобуз дешкен го.Жалко жапжаш кыз улан.
SUPER.KG видео
13.06.2019. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата эненерди ойлобойсунарбы суйуп куйуп олуп баратсанарда.озу эконду тен бир подвалга камап алып оло токмоктош керек болчуда суйунор бир жеринерден чыгып кеткиче.байкуш кайран гана Ата Эне силерди олуп калсын деп чонойтубу эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: