Бишкектеги Киев көчөсү кийинки жылы жабылат. Себеби
Бишкектеги Киев көчөсү кийинки жылы жабылат. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев "Биринчи радио" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, Киев көчөсү толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жашыл көчө болмокчу.
"Электробустар жүрөт жана жөө адамдар, велосипед тебүүчүлөр үчүн тилкелер салынат",- деди ал.
Айта кетсек, борбор калаанын бекитилген жаңы башкы планында Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн чейинки бөлүгү жөө адамдар үчүн ылайыкташтырылары белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















