super.kg logo
  Саясат  

"Бешинчи канал" "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча: "Элге жарыяланган документтер жасалма болуп чыкты" (видео)

 

Бүгүн, 15-июнда "Бешинчи канал" жаңылыктарынын кечки чыгарылышында "Азаттыктын" эки апта мурда жарыялаган "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөттү.

Репортажды даярдаган журналист Элнура Алканова "Азаттыктын" иликтөөсүндө банктын дүмүрчөктөрү деп көрсөтүлгөн кагаздар дүмүрчөк эмес эле, акча которууга билдирме (заявка) болуп чыкканын айтат. Ошондой эле, репортажды даярдоонун жүрүшүндө банк дүмүрчөктөрүнүн чын же калпын аныктоо максатында атайын эксперимент жасап көрүшкөн. Анда "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов иликтөөсүндө көрсөткөн дүмүрчөктөрдө жазылуу Түркиядагы банкка барышып, ошол банктан Кыргыз өлкөсүнө акча которушкан. Акча которуу учурунда билдирме өз колу менен толтурулуп, транзакциянын аягында дүмүрчөк берилген. Ал дүмүрчөк менен "Азаттык" өз иликтөөсүндө жарыялаган дүмүрчөктү салыштыра келгенде, Али Токтакунов көрсөткөн дүмүрчөктө бир топ грамматикалык жана орфографиялык каталар бар болуп чыккан.

"Бул репортажда Кыргыз мамлекетинен которулган 700 миллион долларга кайсы бир чиновниктердин тиешеси бар болушу мүмкүнбү деген гана суроо болчу. Иликтөөдө жарыяланган документтер жасалма экенин далилденгенинен "Азаттыктын" коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон таза ниетин кимдир бирөөлөр пайдаланып, ишенимдүү булактары жасалма документтерди сунганбы деген ой жаралат. Кызыкчылыгы бар адамдардын артынан ээрчип кетпеш үчүн кыргыз журналистикасы дагы көп нерселерге үйрөнүп, колго тийген документтерди жарыялоо алдында жети өлчөп бир кесе турган учуру келди", - деп Элнура Алканова репортажды аяктады.

Буга чейин "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган.






"Бешинчи канал" "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча: "Элге жарыяланган документтер жасалма болуп чыкты"

"Бешинчи канал": "Азаттыктын" иликтөөсүндө колу коюлган Саймаитинин колу АКШда жашаган адамга тиешелүү болуп чыкты"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: