super.kg logo
  Саясат  

Депутат Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча: "Бизге оор миссия жүктөлдү, кийин биз да жоопкерчиликке тартылып калбайлы"

 

"Бизге оор миссия жүктөлдү, кийин биз да жоопкерчиликке тартылып калбагыдай чечим чыгаралы" деп бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда депутат Евгения Строкова билдирди.

"Алгач Атамбаев айыпталып жаткан кылмыштарда анын канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин аныктоо зарыл. Мындан кийин гана кандайдыр бир чечим чыгаруу керек. Эгер баары жакшы болсо, аны кол тийбестиктен ажыратуунун кереги жок. Учурда комиссиянын дарегине катуу сын-пикирлер айтылып, бизди көздөй таштар ыргытылып жатат. Келечекте биз чыгарган чечимдин айынан жоопкерчиликке тартылып калбагандай бололу", - деди Строкова.

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Отурумдарында экс-президентке оор кылмыштар боюнча айыптар тагылган. Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн парламенттин 80ден кем эмес депутатынын макулдугу керек.






Атамбаевге оор кылмыштар боюнча тагылган 9 айып 6га кыскартылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: