super.kg logo
  Саясат  

Депутат Төрөбаев: "Азаттыктын" иликтөөсүндө кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы деген күмөн жаралды"

 

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев журналисттерге кайрылды.

"Бүгүн журналисттерге кайрылгым келип жатат. Урматтуу журналисттер, сиздерди бекеринен 4-бийлик бутагы деп атабайт. Өлкөдөгү коомдук, саясий, экономикалык маселелер, маалыматтык коопсуздук абалы боюнча сиздерде да жоопкерчилик бар. Өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча сунуш-талаптар өкмөттүн чечим кабыл алуусуна таасир этип жатат. Ал эми эл болсо сиздердин пикириңиздерге байланып калды. Сиздерге болгон жакшы мамилени жоготуп албаңыздар. Ошол эле мезгилде жалган, тастыкталбаган маалымат тараткан учурда жоопкерчилик болуш керек. Мисалы, "Азаттык" 700 миллион доллар сыртка чыгып кетти деп иликтөө жасады. "Бешинчи каналдын" иликтөөсүн көрүп ача пикир жаралды. "Азаттыктын" журналисти жасалма документтерге таянып, маалымат чыгарган деген ой коомчулукта пайда болду. Менде да "Азаттыктын" иликтөөсүндө кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы деген күмөн жаралды. Буга чейин "Азаттыкка" ишенип келгем. Маалыматтарды чагылдырууда тактап чыгаруу керек", - дейт Төрөбаев.






Төрөбаев: "Азаттыктын" иликтөөсүндө кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы деген күмөн жаралды"

Автор: Нургазы Аматов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: