super.kg logo

Кара-Балтадагы эне-баланын өлүмү. Каза болгон жигит сүйлөшкөн кызын окуя болгон жерден качырып жибергенге жетишкен

 

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне-баланын өлүмүнө шектүү кармала элек. Маркумдарды көптөн бери таанып, чогуу иштеген кошунасы Чынара Акишовага байланышканыбызда окуя тууралуу буларды билдирди.

Анын айтымында, каза болгон аялдын аты Света. Ал эми уулу анын жалгыз баласы болгон.

"Бул окуяга ишене албай жатам (ыйлап). Эженин адамдык сапаты бийик, ишине тың, жоопкерчиликтүү болчу. Уулу акыркы жылдары Бишкекте жашап жүргөн. Өзү Кара-Балта шаарында жалгыз жашачу. Бири-бирибизге жардам берип, ал мага кеңешин айтып абдан жакын болчубуз. Эжени кыйнап, баланы мууздап өлтүрүшүптүр. Ошол күнү Света эже саат 16:40та жумушунан чыгып, дачадагы үйүнө унаасы менен кеткенин көргөм. Эртеси бизге суук кабар келди. Ошондо милицияга кабар берген маркум жигиттин сүйлөшкөн кызы буларды айтып берген.

"Жигитим экөөбүз Бишкектен Кара-Балтага чыкканда апабызга байланышканбыз. Ал үйдө бизди күтүп жатканын айткан. Үйгө жетип калганда кайра телефон чалсак, "артка кайткыла, келбегиле" деп телефонду өчүрүп салды. Жеткенибизде мурдагыдай дарбазаны ачып тосуп чыккан жок. Жигитим унаадан биринчи, мен экинчи түштүм. Ал үйдү көздөй бир аз басары менен эле мени карап унаанын ачкычын ыргытып, "чурка, милицияга чал" деди. Мен унааны айдап чыктым. Нес болгон бойдон Кара-Балтага чейин келип калыптырмын. Бирок жолдо милицияга чалганым эсимде. Шаарга келип эле тааныштарга байланышып, кайра 20 мүнөттөн кийин үйгө барсак, экөө тең каза болуп калыптыр", - деп айтып берди Акишова.

Окуянын-чоо жайы:

19-июнда саат 17:56 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 30 жаштагы З.А. аттуу жарандан телефон чалуу болгон. Анда ал белгисиз бет кап кийген жарандар Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен жигити менен анын апасын бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 55 жана 30 чамасындагы эки адамдын жансыз денелерин табышкан.








Кара-Балтада эне-бала мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Автор: Адилет Керимбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(11)
25.06.2019. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ким болду экен ХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2019-06-25 11:43:05
25.06.2019. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ким болсо да жакшы кун корбойт
25.06.2019. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бироонун канын ичип,кантип жашап журду болду экен????Шумдугун кургур!!!
25.06.2019. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai gana mykaachylar
25.06.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журок тушот , акчан бар экенин билсе уйундо нагло эле олтуруп кетишет, убал сооп деген жок, кантип бала колго тушуп калды экен кыз менен чогуу качып чогуу милиция чакырышса болмок, акчалары бар болуш и наводка берген билген бироо
25.06.2019. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Байкуш бала апасын куткарам деп калды да. Апасын таштап кантип качмак эле, кыз ошол жерден эле милицияга чалып, кошуналарын чакырып, элдерди чогулта койсо болмок го. Копчулук эптеп кармап калышмак да. Ал байкуш да коркуп качкан тура. Шаарга келип тааныштарын чогулткуча кошуналарын чогулта калса болмок да...
25.06.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nurka_85,хотя бироосу аман калат эле да сразы эле да милицияга айдаса
25.06.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман кабарларды азыраак чыгарсаныздар.
25.06.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын сөздөрүн окуп мен кыздан шектене баштадым. Күнөөлөй албайм го, бирок...
25.06.2019. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS,ошону айтсаныз уйго кирген дагы жок екен го кантип жолдо шок абалында милицияга жигити менен апасын бычактап койгонун билип айтты дейм да
26.06.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздан шегим бар,шок болгон адам унааны айдап качпай ызы-чуу салып кыйкырат,анан жолдон эле милицияга чалып өлтүрүп кетти дегени кандай көрбөй туруп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: