Атамбаевди коргогон "Элдик штабдын" мүчөсү Амантур Жамгырчиев: "Күндөн күнгө эл көбөйүп жатат"
Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси каралды. Ага чейин Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө "Элдик штаб" түзүлгөн. Бул түнү SUPER.KG порталы аталган штабда болуп, андагылардын иш-аракеттерин көрдү.
Штабдын мүчөсү Амантур Жамгырчиев түнкү саат 1:30да маалымат берип, штаб түзүлгөн күндөн тартып эле түнү да кезектешип уктабай таң атырып жатышканын билдирди. Ал белгилегендей, штабга келип, Атамбаевди коргоого кошулгандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө.
"Бул түн эле уйкусуз болуп жаткан жок. Штаб түзүлгөндөн тартып эле анын мүчөлөрү ушундай таризде иштеп жатабыз", - деди Жамгырчиев.
Атамбаевди коргогон "Элдик штабдын" мүчөсү: "Түнү-күнү иштеп жатабыз"
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
2

