super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Мен түрмөгө батпайм"

 

Бүгүн, 28-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди коргоо үчүн Кой-Таш айылында түзүлгөн штаб 4-күнү иштеп жатат. Ага КСДПнын мүчөлөрү, Атамбаевдин колдоочулары, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү келишкен.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда экс-президентке оор 6 айып тагылып, чечим Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Башкы прокуратура Атамбаевдин оор 5 кылмышка тиешеси бар экенин аныктаганы маалымдалган.

Бүгүн Алмазбек Атамбаев штабга топтолгон эл менен жолугуу үчүн чыкты. Анын тарапташтары учурдагы абал тууралуу пикир алышты. Бул учурда андагылардын бири "Сизди камалып кетти деп сарсанаа болгон кичинекей кыз бар" деди. Буга экс-президент "Мен түрмөгө батпайм да" деп жооп берди.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов күн өткөн сайын штабдагы адамдын саны азаят деп ойлогонун, бирок тескерисинче, топтолгондордун саны өсүп жатканын белгиледи. Учурда штабга чогулгандардын саны 300-400гө жетерин айтышат анын мүчөлөрү.






Алмазбек Атамбаев мамлекеттик күзөт кызматы боюнча оюн айтты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: