super.kg logo

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган Элдияр Чормонов кантип ийгиликке жетишкендиги тууралуу айтып берди

 

Жалпы республикалык тестирлөөдө 238 балл алып, өлкө боюнча биринчи болгон Элдияр Чормонов SUPER.KG'ге маек курду. Ал өзүнөн кийинки муунга ийгилик сырлары менен бөлүштү.

- Элдияр, саламатсызбы? Ийгилигиңиз менен куттуктайбыз! Өлкө боюнча эң жогорку балл алуу деле оңой эмес болуш керек, канча убакыт даярдандыңыз?

- Сиздерге рахмат, куттуктооңуздар үчүн. Жалпы республикалык тестирлөө өтө деле татаал эмес. Ал жактагы суроолор мектепте өтүлгөн темалардын негизинде түзүлгөн. Ага даярдануу өтө көп убакытты албайт. Мен даярданууну 11-класстын башынан баштадым. Бирок чын көңүлүм менен Жаңы жылдан кийин даярдандым. Бош убактымдын көп бөлүгүн даярданууга бөлүп, лицей тарабынан уюштурулган ийримдерге катышып, эжей-агайлардын кеңештерин алып даярдандым. Эң негизгиси аракет кылыш керек.

- Өзүңүз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз, кайсыл жердин кулунусуз?

- Мен 2001-жылы 6-октябрда Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылында төрөлгөм. Муктар Нургазиев атындагы орто мектепте окудум. Андан кийин атайын сынактын негизинде лицейге өтүп, 11-классты аяктадым. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, үч байкем, мен анан карындашым бар.

- ЖРТга даярдануу учурунда эмнелерге басым жасоо керек?

- Суроолор көбүнчө логикалык ой-жүгүртүүнү талап кылат. Атайын китептерди алып даярданса болот.

- ЖРТга даярдануу үчүн бир жыл бою телефон колдонбогонуңузду айткан экенсиз...

- Ооба, мен аяктаган лицейде телефон алып келүүгө болбойт, тартип ушундай. Тартипке баш ийип бир жыл бою телефон колдонгон жокмун. Албетте, ошол дагы аябай чоң жардам берди.

- Кайсыл кесиптин ээси болсом деп жатасыз? Мекенибизде эле окуйсузбу?

- Бул суроонун үстүнөн да көп ойлондум. Ата-энем, жакын адамдарым менен кеңешип програмисттик кесипти тандайын деп жатам. Анткени келечек ошол кесипте. Негизи чет өлкөдө да окугум келет. "Алтын сертификат" менен бул жакта бекер окууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүндөгү окуу жайлардын бирине тапшырам.

- Өлкөгө пайда алып келүү үчүн эмне кылуубуз керек?

- Билим менен гана пайда алып келе алабыз. Баарыбыз билимдүү болсок өнүгөбүз.






"Билимдин артынан түшүп өлкөгө пайда алып келебиз" дейт ЖРТдан өлкө боюнча 1-орунду алган Чормонов

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Кайрат Сарбагышов, Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(2)
09.07.2019. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат. Сага окшогон жаш муундар коп болсун
SUPER.KG видео
10.07.2019. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алтын серификат келечекте менин балама дагы буйрусун. Биз дагы интервью берип калалы. Омиин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: